07:02, 29-март, 2024

Жуманазарова «Москва — АЛРОСА кубогун» жеңди

10:39, 4-декабрь, 2021 3195

АКИpress -  Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова «Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу» мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды.

Мелдеш кечээ, 3-декабрда Москва шаарындагы «ВТБ Арена Парк» спорттук жайында өттү.

Беттештин биринчи эле бөлүгүндө Мээрим адегенде контр чабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болуп, биринчи бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи бөлүктө Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 эсебинде Мээримдин жеңиши менен аяктады.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучусу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган.

Балбан кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктап, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.

Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанып, бирок күрөш уюму аны канааттандырган эмес.

АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

бир жаңылык950 сомСатып алуу
бир жыл3500 сомкатталуу?
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком