10:09, 26-апрель, 2024
Учурда окулуп жатат
09:15, 26-апрель, 2024 (145 адам окуп жатат)
Мадумаров абактан чыккандан кийин эмне деди? Видео
17:21, 25-апрель, 2024 (54 адам окуп жатат)
Жогорку Кеңештеги дагы бир депутат мандатын тапшырды
09:30, 26-апрель, 2024 (42 адам окуп жатат)
Ош шаарында милициянын майору 3 эмдүү болду. Баары уул
08:39, 26-апрель, 2024 (21 адам окуп жатат)
Сүрөт, видео — Адахан Мадумаров камактан чыкты

Тагай Конушбаев: «Кыргызстан ийгиликтүү агрардык мамлекет боло алат. Фермерлердин ишине жолтоо болбогула!»

11:12, 16-ноябрь, 2021 3904

АКИpress -  Тагай Конушбаев — 15 жылдык стажы бар фермер. Москва районунун Беловодск айылында туулуп-өскөн. Жашы 44тө, билими боюнча юрист. Эмгек жолун ички иштер органдарынан баштаган, учурда мал чарбасы жана балык өстүрүү менен алектенет. Беловодск айылдык кеңешинин төрагасы болуп турган учурда өзүнүн иштиктүү сапаттарын көрсөтүп, айылдаштарынын сый-урматына татыган. Тагайга карапайым калктын көйгөйлөрүн жогору деңгээлде чечүү үчүн Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюуга дем берген да ошол айылдаштары болду.

- Эмне үчүн билимиңиз боюнча юрист болуп туруп, фермерлик менен алектенүүнү чечтиңиз?

- Ушундай болуп калды. Айыл жеринде мындан башка кыла турган иш деле жок да. Мен адегенде ички иштер органдарында иштедим, бирок жарыбаган айлыгынан улам кетип калгам. Пара алуу – менин ишим эмес. Андайга принциптерим жол бербейт. Ошол кезде ата-энемдин эки ую бар эле, мен насыя алып, анын башын дагы көбөйттүм да сүт сатуу менен алектене баштадым. Анан тааныштарым суусундуктарды чыгара турган өндүрүш ачпайсыңбы деп сунуштап калышты. Мен анын окуусун окуп, квалификацияны жогорулатуу курстарынан өттүм да өндүрүш технологиясы менен өзүм алектене баштадым. Ишибиздин акыбети кайтып, биздин продукция экспортко чыкты, Санкт-Петербургда Кытай, Франция ж.б. өнүккөн өлкөлөрдөн келген компаниялардын катышуусу менен өткөн сынакта мыкты деп табылды.

- Сиз фермерсизби же ишкерсизби?

- …Мени досторум оркестр-киши деп коюшат. Болгон күчүмдү кандай жаңы багыттагы иш болбосун жумшап, долбоорлорду ишке ашырып кете берем. 15 жылдан бери мал чарбасы менен алектенип кележ атам. Балык чарбасына аралашканыма 10 жыл болду, планымда креветка (деңиз чаяны) жана ири үлүлдөрдү өстүрсөм деген максатым бар. Негизи эле мен натыйжага иштеген адаммын.

- Сиздин көз карашыңызда өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүүгө эмне тоскоол болуп жатат?

- Коррупция жана бюрократия. Кыргызстандын шору мына ушул эки балакетте, ар кандай бизнес-долбоор менен иштеген адам мына ушулар менен күрөшүүгө аргасыз. Бул кармашта бардык эле ишкерлер жеңип чыга албайт. Эмне айтып жатканымды мен жакшы түшүнөм. Бизде иштейм деген адамдар толтура, бирок ага жол беришпейт. Эгерде сенде чиновниктердин кекиртегин майлаганга акчаң жок болсо, анда жер ала албайсың, өлкөгө сапаттуу үрөн же асыл тукум мал ташып келе албайсың, ферма да кура албайсың. Мамлекет элге таптакыр эле тескери карап калган. Айыл чарба министрлигинин чиновниктери эч кайда чыкпай, кабинеттеринде гана отурушат, адамдардын үнүн укпайт. Отчет бериш үчүн фермерлер менен семинар өткөрүмүш болгондо акимдерге чала калышат, алар болсо адамдарды чогултуп беришет, көптөрү андан кабарсыз деле кала беришет.

Биздин айылда жер алуу үчүн миңге жакын балдар кезекте турат. Кезек ордунан жылбайт, бирок жер тилкелери тимеле ысык токочтон бетер шуулдап берилип атканы. 300дөн ашуун үлүш жерлер белгисиз адамдарга мыйзамсыз сатылып кеткен. Бир эле жер тилкесин бир нече адамга сатып жиберген учурлар бар. Эми бул фактылар боюнча чубалжыган соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Дагы бир көйгөй — бизде айыл чарбасы үчүн жеткиликтүү заемдор жок. Мисалы, азыр акча алсаң, аны 3 айдан кийин төлөп беришиң керек. Эмне, ушул 3 айда малың өсүп жетилеби, же түшүмүң бышып калабы? Албетте андай эмес. Анан кайдагы киреше, карызды төлөгөнгө акча кайда? Мисалы, Россияда же Казакстанда айыл чарбасы менен алектенгендерге бир жылдык ссудалар берилет.

Өз кезегинде «Эл Үмүтү» партиясы «Бекем үй-бүлө — үй-бүлөлүк бизнести колдоо» деген долбоорду демилгелегени турат, анда жеңилдетилген насыялар, жерлерге адилеттүү жеткиликтүүлүк, коммуникациялар менен артыкчылыктуу камсыздоолор каралган.

- Сиз жеке өзүңүз кандай көйгөйлөргө туш болдуңуз?

- Малдын башын көбөйтүү үчүн Россиядан алгачкы жолу мал алып келгенде расмий түрдөгү ташып келүү жана каттоого алуу чыгымдарынан башка бажыга ар бир малдын башы үчүн 6 миң сомдон берүү керек экенин билдим. Муну чек арадан өткөрүп коюу үчүн гана төлөшүң керек экен. Карапайым фермерде буга акча кайда? Кошумча насыяларды алууга туура келет, алардын да шарттары да кыйла оор. Көптөгөн дыйкандар мына ушундан күйүп кетишти.

- Сиздин оюңузча Кыргызстан агрардык өлкө деген атын актай алабы?

- Совет доорунда биздин республикадагы агрардык өнөржай стратегиялык тармак болуп саналып, ага тоо-кен өнөр жайынан да көбүрөөк көңүл бурулчу. Тилекке каршы, союздун кыйрашы менен мунун баары талкаланып жок болду. Азыр айылда жашаган кыргызстандыктар каалайбы, жокпу, бала-бакырасын багыш үчүн айыл чарбасы менен алектенгенге мажбур. Эгер алар мамлекет тарабынан реалдуу колдоого алынганда үй-бүлөсүн, айылын гана эмес, бүтүндөй аймакты бутка тургузуп кетишмек. Бизде аргардык секторду өнүктүрүү үчүн бардык шарттар жетиштүү. Биз азык-түлүк коопсуздугун эчак эле өз күчүбүз менен камсыздамакпыз. Импорттук этке, майга, жумурткага же өсүмдүк майына ж.б. дегеле көз каранды болмок эмеспиз.

Кырдаалды оңдош үчүн системаны алмаштырып, ууру чиновниктерден арылышыбыз керек, мыйзамды сыйлаган ишкерлерге кеңири жол ачышыбыз керек. Калганын алар өздөрү жасап кетишет. Иштесем дегенде эки көзү төрт адамдар бизде абдан көп дебедимби, бирок аларга жол бербей атышпайбы. Аларга мүмкүнчүлүк бергилечи, өлкө экономикасын өстүргөнгө, жумуш орундарын ачканга, өндүрүштү өнүктүргөнгө күчүн кандай жумшаар экен, ошондо көрөсүңөр.

- Эмне кылуу керек экенин түшүнүп, билип турсаңыз, анда саясатка баруунун эмне кереги бар?

- Мен Беловодск айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешине депутат болгом. Муну албетте, саясат деп атоого болбойт, бул эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу формасы да. Ошол депутат болгон төрт жыл ичинде биз мурдакылар 25 жылдан бери аткарбаган иштерди аткардык. Мектепти жана оорукананы ремонт кылууга жетиштик, территорияларды жашылдандырып, көрктөндүрдүк. Бирок мен туулган айылыма гана эмес, бүтүндөй өлкөмө мындан да көп иштерди аткара алаарыма көзүм жетти. Эгерде мыйзамдар иштегенде адамдар жеткиликтүү билимге, саламаттыкты сактоого, жумушка орношууга бирдей тең мүмкүнчүлүк алмак, мен да парламентке бармак эмесмин. Мен мамлекеттин эсине анын эл алдындагы милдеттерин салып койгум келет. Бийликте 30 жылдан бери отурган чиновниктер элден таптакыр оолактап калышкан, анын көйгөйлөрүн билишпейт, андайбы, демек аларды чечүү да колдорунан келбейт.

Так мына ушул себептерден улам мен «Эл Үмүтү» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди койдум. Биздин жаш курагыбыз ар кандай болгону менен гүлдөгөн мамлекетте жашасак экен деген тилегибиз бир. Биздин артыбызда саясий же олигархтык клан-жыландар жок, ошондуктан биз таза жана чынчыл боло алабыз, эч кимге көз каранды эмеспиз. Биз чындыкты ачык айта алабыз. Артыбызда эл турат, биз эсептеше турган, кызыкчылыгын коргой турган мына ушул гана күч.

- Сиздерге ишенбегендер «Эл Үмүтү» партиясынын талапкерлеринде парламенттик иш тажрийбасы жок, билими жетишпейт деп жатышпайбы. Буга эмне дээр элеңиз?

- Болбогон кеп. «Эл Үмүтүнүн» талапкерлери баары тең мыкты азаматтар, ар бири өз ишинин чебери. Биздин арабызда республиканын жети дубанынан врачтар, педагогдор, аграрийлер, инженерлер, милиционерлер, архитекторлор, айтор, бардык тармактын өкүлдөрү бар. Бул кайсы ишти кантип жасоо керектигин билген жаңы муундагы саясатчылар. Карап көрүңүз, алардын ар бири кааласа, чет мамлекеттерде жашап, иштеп карьера жасоого, ошол жакта өнүгүүгө жана башка мамлекеттерге иштеп берүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок алардын басымдуу бөлүгү тескерисинче, өз өлкөсүнө жардам берүү үчүн атайын кайтып келишти. Ошондуктан булар жаш, тигиндей, мындай деген сөздөр суу кечпейт. Биздин колубуздан баары келет! Эң башкысы, биздин мекендештерибиз – жаштар, улуу муундагы адамдар шайлоого келип, чыныгы патриотторго добуштарын бериши керек!

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы, дареги: Бишкек ш., Москва көч. №189

Буюртмачы: «Эл Үмүтү» саясий партиясы, Бишкек ш., Ибраимов 183

Нускасы: 1

Даярдалды: 2021-жылдын 16-ноябры

«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кенесариева Т.А. тарабынан төлөндү (КР БШК каттаган күбөлүк №_24, 02.09.2021-ж.).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком