Шайлоо-2021: 2 талапкер бир мандаттуу округдардан шайлоого
На русском
АКИpress - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 13-ноябрда өткөн жыйналышында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн 2 адамдын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты.
Шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер:
- Мелисов Азамат Канатбекович — №32 Кочкор шайлоо округу боюнча [шайлоо округу боюнча 15 талапкер үгүт иштерин улантууда]
- Чакибаев Эмил Акжолтоевич — №25 Аламүчүн шайлоо округу боюнча [шайлоо округу боюнча 9 талапкер үгүт иштерин улантууда].
Жалпысынан 13-ноябрга карата парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан 298 талапкер, партиялык тизме менен 21 партиянын талапкерлери ат салышат.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком