21:15, 19-апрель, 2024

«Эл Үмүтү» — эгемендүү Кыргызстандын саясий тарыхындагы өзгөчө окуя

12:09, 2-ноябрь, 2021 4180

АКИpress -  «Эл Үмүтү» социал-саясий партиясы эгемендүү Кыргызстандын саясий тарыхындагы өзгөчө окуя! Анын өзгөчөлүгү эмнеде?

Биринчиден, анын мүчөлөрү жана депутаттыкка талапкерлери – коррупциядан алыс, таза, саясаттагы жаңы адамдар. Партия курамы катарыбызда жүргөн, өлкөнүн коомдук-саясий абалына кайдыгер карабаган, жаш, активдүү инсандардан куралган. Алар — врачтар, ишкерлер, фермерлер, мугалимдер, милиционерлер, укук коргоочулар, архитекторлор, экономисттер.

Бул инсандардын көпчүлүгү дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынан билим алышкан, өз тармактарында абройго ээ, суроо-талап жогору болгон адистер. Аларга чет өлкөдө жашап, иштөө үчүн ири ишканалардан, ири компаниялардан чакырыктар түшкөн. Бирок аларды Кыргызстанда, өз өлкөбүздө, ата-бабаларыбыздын жеринде жашап, ага ак кызмат кылсам деген атуулдук каалоо бириктирди. Балдарыбыз ушул жерде төрөлүп-өссө, ата-энебизге, мекенибизге тирек болсок дешет!

Партия мүчөлөрүнүн орточо курагы — 35 жаш. Жаш, жигердүү, билимдүү жаштар, алар мекенинин эртеңине эч качан кайдыгер эмес.

Бул партиянын дагы бир өзгөчөлүгү — анын мүчөлөрү партияга жүрөгүнүн чакырыгы менен чогулгандар. Бул жаштар Кыргызстандагы саясий партия түзүү системасын бузушту десек болот. Бардык талапкерлер ар кайсы аймактардан өздөрүнүн жердештери аркылуу — «сен өз элиңе, өз мекениңе эмне кыла аласың?» принциби боюнча тандалып алынды!

Бул партияда орундар сатылбайт. Алар өлкөнү 30 жыл бою башкарып келген мурдагы саясий элита менен байланышкан эмес. Андыктан, аларда биздин саясат үчүн өзгөчө артыкчылык — чындыкты айтуу артыкчылыгы бар! Кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыктарына же соодалашууларга баш ийбестен, Кыргызстандын калкынын кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл ала алышат!

«Эл Үмүтү» партиясынын тарыхы 2020-жылдын июль айындагы коронавирус пандемиясында мамлекет көйгөйлөрдү чече албай, жарандарды күтүүсүз кырсык менен оорунун чеңгээлине калтырган маалдан башталат. Ал учурда элдин ишенген, үмүт кыла турган эч кимиси жок калганы эсибизде.

Бул өзгөчө кыймыл мына ошондо жаралды. Ыктыярчылыктын эң мыкты салттарын сиңирген биздин жарандар керек учурда кошуналарын, элди, өлкөнү сактап калуу үчүн биригип, биримдиктин жана өзүн-өзү уюштура билүүнүн үлгүсүн көрсөтүштү. Бул кыймыл ковид учурундагы дүйнөдөгү эң бир масштабдуу жана алгачкы кыймыл болуп калды. Карапайым адамдар бири-бирине жөлөк болуп, башкалардын кыйналуусуна жол бербестен, биздин өлкөдө дагы эле үмүт бар экенин дүйнөгө көрсөттү!

Жаштар өздөрүн өзү колго алып, мамлекеттик бийликтин ролун да аткарып, өздөрүнүн жетилгенин, кайдыгер эместигин жана эң оор кырдаалдарда тез чара көрүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү. Мекенчилдик, берилгендик, жоопкерчилик — жаштар көрсөткөн мына ушул сапаттардын аркасында кырдаалды турукташтырууга мүмкүн болду.

Андан соң 2020-жылдын октябрь айында бийликке дагы бир жолу алданган эл парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбой, паракорчулукка, административдик ресурска (бурмалоого) каршы чыкканда, жаштар негизги күч болуп, адилетсиздикке жол бербестен, бийликти кулатты. Элдик кошуундарга биригишкен жаштар жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, шаарды талап-тоноого жол беришпеди.

Жаш активисттердин ишеними мына ушундай катаал шарттарда бышып жетилди, алар Кыргызстан үчүн мындан да көп нерсе жасап бере аларына көзү жетти жана жаштарда күч бар экенине ынанышты.

Апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунда жаш ыктыярчылардан түзүлгөн бир нече кыймылдардын жигиттери биригип, өз күчүн сынап көрүшүп, иш жүзүндө 7 мандат алып, ишенимдүү жеңишке жетишти.

Ошондо өздөрүнүн партиясын каттоодон өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу чечимин кабыл алышты.

«Эл Үмүтү» социал-саясий партиясы мына ошентип пайда болду.

«Эл Үмүтү» партиясынын мүчөлөрү — эски элитаны алмаштыра турган реалдуу күч. Алар кыргызстандыктар күткөн чыныгы саясий жаңылоону турмушка ашыра алышат!

Эл Үмүтү – аракетте!

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы, дареги: Бишкек ш., Москва көч. №189

Буюртмачы: «Эл Үмүтү» саясий партиясы, Бишкек ш., Ибраимов 183

Нускасы: 1

Даярдалды: 2021-жылдын 2-ноябры

«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кенесариева Т.А. тарабынан төлөндү (КР БШК каттаган күбөлүк №_24, 02.09.2021-ж.).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком