Балдар паркында иштеген кызды калькулятор менен чапкан киши табылды
На русскомАКИpress - Бишкектеги балдар паркында иштеген кыз кишини калькулятор менен чапкан эркек киши табылды. Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, окуя 2-августта Горький менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунда болгон.
Арыз ээсинин айтымында, бейтааныш эркек киши өзүн агрессивдүү көрсөтүп, мас абалда болчу. Талаш-тартыш учурунда калькуляторду алып, арыз ээсинин бет тарабына ыргыткан.
Бул факт Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбашчылык) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кол көтөргөн кишинин аты-жөнү такталды. Ал — 1992-жылы туулган А.А.
Ал РИИБге жеткирилип, арыз ээсинин жаракатын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бирок арыздануучу ден соолугуна зыян келбегенин белгилеп, экспертизадан баш тартты.