20:26, 28-март, 2024

Түрк кеңеши: Делегациялар Стамбулда жолукту

На русскомEnglish
18:57, 5-август, 2021 3060

АКИpress -  Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү Түркиянын Стамбул шаарында жолугушту. 2 күнгө (29-30-июль) пландалган «Түрк кеңешинин социалдык түйүндөр менен иштөөнү окутуу программасын» Түркия Республикасынын Президентинин администрациясына караштуу Коммуникация боюнча башкы башкармалыгы уюштурган.

Бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиянын делегациясы, чоң натыйжаларга жетишкен, белгилүү окумуштуулар, серепчилер катышты. Ошондой эле байкоочу Венгриянын өкүлдөрү болду.

Стамбул

  • Түрк кеңеши — түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген эл аралык уюм.
  • Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун башкы катчысы — Багдад Амреев (Казакстан),
  • Кыргызстандан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары — Султан Раев.

Кыргызстандан журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринен турган делегация Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат жана массалык коммуникация департаментинин башчысы Салкын Сарногоеванын жетекчилигинде жөнөтүлгөн.

Кыргыз делегация

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары, маалымат тармагына жоопкерчиликтүү бийлик органдарынын 3-жолугушуусу Азербайжандын Баку шаарында 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн. Анын алкагында социалдык түйүндөр менен иштөө жана дезинформация менен күрөшүү багытында мүчө өлкөлөр ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу тууралуу сунуш-пикирлер айтылган.

Стамбул 1

Бул жолку окутуу программасы катышуучулардын социалдык түйүндөрдөгү, Түркиянын Интернет тармагындагы практикасы менен мыйзамдуулук, дезинформация менен күрөшүүдөгү тажрыйбасы боюнча билимин, иш тажрыйбасын жогорулатууга багытталган. Окутууда технологиялык трансформация жана киберкоопсуздук, социалдык түйүндөрдөгү манипуляция, жалган маалыматтар жана дүйнөлүк мисалдар, социалдык түйүндөрдү пайдалануу жана дезинформация менен күрөшүүдөгү медиасабаттуулук, Түркиядагы тынчтыкты сактоого багытталган операциялар учурундагы социалдык түйүндөрдөгү дезинформация, Карабах темасы боюнча социалдык түйүндөрдү колдонуу жана дезинформация менен күрөшүү темалары камтылды.

Алгач Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары Омер Кожаман, Түркиянын Президенттик администрациясынын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтунга сөз берилди.

Андан кийин аталган темаларда мисалдарды келтирүү менен Медиполь университетинин доценти Юсуф, Озкыр, Медиполь университетинин коммуникация факультетинин деканы Али Бүйүкаслан, Стамбул университетинин окутуучусу Тургай Ерликая, коргонуу жана стратегиялык иликтөөлөр боюнча адис Абдулла Эрбога, Сакарья университетинин коммуникация факультетинин доценти Мустафа Бостанжи, «Анадолу» маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Юсуф Озхан, Стамбул университетинин доценти Бетюль Онай Доган маалымат беришти.

«Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин координациялык комитетинин отурумунда иш-чаралардын планы каралды. Ар бир өлкөдө бул пландын ишке ашыруу иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берип, ишке ашыруу механизмдерин сунуштоого мүмкүнчүлүк болду.

Кыргызстан тарап түрк тилдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин ассоциациясын түзүүнү демилгеледи. Эми кыргыз тарап тандоо критерийлерин, долбоордун уставын иштеп чыгышы керек. Бул биздин сунуштардын бири болду.

Аягында кийинки окутуу тренингинин программасы, өтө турган орду жана убактысы талкууланды. Эми ушундай окутуу тренинги болгондо журналисттик иликтөө боюнча пунктту камтууну сунуштадык. Бул демилге бардык катышуучулар тарабынан колдоого алынды», - деди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат жана массалык коммуникация департаментинин башчысы Салкын Сарногоева.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком