14:45, 28-март, 2024

Коронавирус: Депутат калкка үлгү көрсөтүү үчүн кесиптештерин эмдөөдөн өтүүгө чакырды

На русском
19:29, 22-июль, 2021 2069

АКИpress -  Депутат Бактыбек Турусбеков калкка үлгү көрсөтүү үчүн кесиптештерине коронавируска каршы эмдөөнү сунуштады.

Ал 22-июлдагы парламенттик жыйында айткандай, өлкөдө эмдөө көрсөткүчтөрү эң төмөн.

«Биз эмнени күтүп жатабыз? Эмне үчүн сыналгыдан үгүт жок? Балким, Жогорку Кеңештин депутаттары үлгү катары эмдөөдөн өтүш керекпи? Ооруканалардагы кызыл зоналар толуп кетти. Ким жооп берет?», - деп сурады ал.

«Өкмөт жооп берет», - деди экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров.

«Эл кыйналып жатат. Кызыл зоналардагы дарылоонун протоколдору кандай? Ар кандай арыздар түшүп жатат. Эмдөөнүн активдүү болушун каалайт элем», - деди депутат.

«Ооба, сиздики туура. Биз калкты эмдөөдөн аксап жатабыз», - деди А.Жапаров.

Авторизация / Регистрация

выш выбор: 1 жаңылык (950 сом)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком