23:20, 12-март, 2026

Түркиядагы коопсуз туризм: Кыргызстандык эс алуучуларды күткөн Анталья

На русском
17:59, 12-июль, 2021 513

АКИpress - 1-июлдан тартып Түркияда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Түркиянын Туризм жана маданият министрлиги билдирди. Тактап айтканда коменданттык саат жокко чыгарылды.

Бирок коомдук жайларда бет кап тагынып, 1,5 метр социалдык аралыкты сакташ керек.

Түркияга бара турган туристтер HES (Hayat Eve Sıar — Life Fits Into Home) кодун алыш үчүн онлайн режимде анкета толтурушат. Ал код аркылуу компания же мекемелер туристтердин ден соолугунун абалын текшеришет. Эгерде кайсы бир туристтин ден соолугу башкаларга коркунуч жарата турган болсо, анда ага Түркияга кирүүгө уруксат берилбейт.

Туристтер адам көп топтолгон жерлерге барганда, мисалы соода борборунда HES QR-код текшерилет.

Түркиянын Туризм жана маданият министрлигинин өкүлү Беркан Ташан билдиргендей, бүгүнкү күндө Түркияда 84 млн калк жашайт. Алардын ичинен 47 млн адам коронавируска каршы эмделди.

Андан тышкары Түркияда өткөн жылдан бери «Safe Tourism» деп аталган коопсуз туризм программасы иштеп келет. Ал программа туристтердин коопсуз эс алуусу үчүн туристтик объекттерде коронавирус пандемиясына каршы эл аралык гигиеналык эрежелердин сакталышын текшерет.

Отуздан ашуун бөлмө бар объекттерде «Safe Tourism» сертификаты болушу зарыл.

Ошондой эле аталган сертификатты алуу үчүн бардык объекттер — мейманканалар, коомдук тамактануучу жайлар, туристтерди ташыган транспорт каражаттары, деңиз жээгинде туристтерди тейлеген объекттер арыз тапшыра алышат.

Түркиянын Туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттигинин маалыматына караганда, «Safe Tourism» программасы Түркиянын бардык шаарларында, айрыкча туристтердин арасында эң популярдуу делген Стамбул, Мугла, Измир, Анталья жана Невшехир калааларында иштейт.

«Safe Tourism» сертификатын алган объекттер «Safe Tourism» логотиби менен бирге 2D кодун алышат. Алар транспорт каражаттарынын сыртына, мейманканалардын кире беришине, лифттерге, кыскасы туристтер көрө турган жерлерге тагылат.
Аэропортто туристтерди бет кап тагынган жана кол кап кийген кызматкерлер тосуп алышат. Бет кабы жок туристтерге аэропортко кирүү үчүн бет кап беришет.

Аэропорттордун кызматкерлери менен меймандардын байланышта болушун азайтуу үчүн атайын чаралар көрүлгөн.
Эс алуучу зоналар жана лифттер социалдык аралыкты сактоого ылайыкталып кайра жасалган.

Туристтер кетээрде алардын дене табы текшерилет. Түркияда жүргөндө туристтер бет кап менен жүрүшү абзел. Транспорт каражаттарында жана учакта туристтердин ортосундагы бир орун бош болот.

Түркиядагы кайсы жерлер туристтердин арасында эң популярдуу?

Ушул жылы майда чет өлкөлүктөр эң көп барган ТОП-5 жер:

1) Стамбул — 41,08% (384 миң 630 адам),

2) Анталия — 31,15% (291 миң 653 адам),

3) Эдирне — 10,42% (97 миң 546 адам),

4) Мугла — 3,99% (37 миң 386 адам),

5) Измир — 2,21% (20 миң 732 адам).

Перге

Байыркы Перге шаары Анталиянын борборунан 18 км чыгыш тарапта жайгашкан Памфилия шаарларынын бири.

Туризмди өнүктүрүү жана жайылтуу агенттигинин (TGA) маалыматы боюнча, ал биздин заманга чейинки XII-XIII кылымдарда курулган. Лидия менен Персиянын кол астына түшүп, шаар биздин заманга чейин 334-жылы Улуу Александрга баш ийген. Шаардын жаркын доору биздин доордун II-III кылымдарында римдиктердин башкаруусуна туш келген.

Шаардагы казуу иштеринде табылган айрым буюмдар Анталия музейинде көргөзмөгө коюлган. Акыркы 70 жылдан бери казуу иштери жүрүп келет. Шаардын дубалдарын Александр Македонский курган. Байыркы Перге шаарында суу өткөрүүчү канал (акведук), колонна менен курулган көчө, күзөт мунарасы, Рим мончосу жана анын мозаика менен кооздолгон полу, агора, 12 миң кишилик монументалдык театр, така формасындагы стадион жана некропол бар.

Калеичи

Эски Калеичи шаары Анталиянын борборунда жайгашкан. Калеичи чеби ичи жана тышкы дубалдары аттын такасынын формасында курчалган.

Эски шаардын ичинде чатырлары капталган 3000ге жакын үй бар.

Калеичиге Адриан дарбазасынан кире аласыз. Туризмди өнүктүрүү жана жайылтуу агенттигинин (TGA) маалыматы боюнча, Адриан дарбазасы биздин замандын 130-жылы Рим императору Адриандын урматына курулган Рим дооруна таандык курулуш.
Ошондой эле Калеичиде Йивли мунарасынын комплекси бар, анын негизги имараттары төмөнкүлөр: Йивли мунарасы, Йивли мечити, Гияседдин Кейхусрев медресеси, Селжуктардын медресеси, Мевлевихан, Зинжиркыран күмбөзү жана Нигар-Хатун күмбөзү. Йивли Минарети 8-кылымда Селжуктар курган Анталиядагы ислам архитектурасынын эң алгачкы үлгүлөрүнүн бири.
Калеичинин түштүгүндө тарыхый яхта порту жайгашкан.

Ошондой эле Каратай медресеси, 140 миң чарчы метр аянтка курулган Караалиоглу (Karaalioğlu) паркы бар. Парктын ичинде, чыгыштан батышка чейин, деңизге алып баруучу үч параллель аллея бар. Бул аллеялардын ар биринде деңиздин капталынан байкоочу аянтчалар жайгашкан. Ошондой эле Караалыоглу паркында биздин доордун II кылымында курулган Хыдырлык (Hıdırlık) мунарасы бар. Мунаранын жалпы бийиктиги 14 метр болот.

Сиде

Сиде грек тилинен "анар" деп которулат жана ал шаардын символу.

Сиде байыркы мезгилдерде Памфилиянын порт шаары болгон. Анталиядан 80 км чыгышта жана Манавгаттан 7 км түштүк-батышта, туурасы 350-400 метр болгон жарым аралда жайгашкан.

Туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү агенттигинин (TGA) маалыматы боюнча, биздин заманга чейинки VII. д. Сиде буга чейин конуштун борбору болгон. Биздин заманга чейинки VI кылымда бул шаар Лидия падышалыгынын курамына кирген. Александр Македонскийдин бийлиги астында бир нече убакытка чейин жашап келген шаар, анын көзү өткөндөн кийин эллинизм доорундагы падышалыктардын ортосунда колдон колго өткөн. Кийинчерээк шаар Пергамон падышалыгы, Рим империясы жана Чыгыш Рим империясы тарабынан башкарылган. Сиде шаардын башкы дарбазасынан башталган эстелик көчөсүнүн боюнда жайгашкан.

Борбордук көчө, түндүк-чыгыштагы «башкы дарбазадан» баштап, жарым аралдын дээрлик түз сызыгы менен өткөн амфитеатрдын алдындагы капталдан тышкары, храмдардын жанындагы чоң аянтта бүтөт. Шаардагы экинчи чоң көчө «башкы дарбазадан» шаардын түштүгүнө чейин созулуп жатат. Эки көчө тең колонна менен курчалган, алардын артында бир катар дүкөндөр жайгашкан.


Аспендос

Түркиянын түштүгүндөгү байыркы Аспендос шаары Анталья шаарынан чыгышка 45 чакырымда жайгашкан. Андагы рим доорундагы театр жакшы сакталып калган.

Түркиянын Туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү агенттигинин (TGA) маалыматы боюнча, бул шаар бул аймактагы ири дарыянын бири болгон Кёпрючай дарыясынан алыс эмес аймакта негизделген.

Аспендосто амфитеатр жана акведуктар (көпүрө же эстакада түүндөгү суу берүүчү курулма) бар. Булар да Рим империясы учурунда курулган. Амфитеатрга 20 миңге чейин адам батып, анда опералык жана башка ар кандай иш-чаралар өтүп турат.
Аспендостун суу системасы байыркы суу системасы менен байланыштуу үлгүлүү жана биздин күнгө чейин сакталып калган мисалдардын бири.

Аспендос — Византия жана Сельжук империясында жашап турган шаарлардын бири.

Түркиянын Туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү агенттигинин (TGA) маалыматы боюнча, шаардагы амфитеатрда Сельжук периодундагы оңдоо иштеринин изин көрүүгө болот.

1930-жылы Мустафа Кемал Ататүрк бул жайга барып, аны кайрадан жаңыртып жасалгалап чыгуу тапшырмасын берген.

The Land of Legends

Ошондой эле туристтер үчүн Белек шаарына жакын аймактагы «The Land of Legends Theme Park» — Түркияда эң чоң деп эсептелген эс алуу жана көңүл ачуу паркы бар. Ал аймакта аквапарк, аттракциондор менен луна-парк, 5 жылдыздуу мейманкана, дүкөдөр, кафе-ресторандар жана концерт аянтчалары бар.

Бардык дүкөндө валюталар кабыл алынгандыктан түрк лирасына байланыштуу маселе жаралбайт.

Анталияда бардык эс алуучуларга ылайыктуу көптөгөн кафе жана ресторандар кызмат көрсөтөт.

Antalya Aquarium

Дүйнөдөгү эң ири аквариум комплекстердин катарындагы «Antalya Aquarium» да эс алуучуларды күтөт. Ошондой эле узундугу 131 метрге, туурасы 3 метрге жеткен «Antalya Aquarium» туннели жайгашкан.


Face2Face

«Antalya Aquarium» (терраса) Face2Face музейине чакырат. 1000 чарчы метрдеги музей атайын даярдалган жабдыктар менен кооздолуп, селфи үчүн ылайыкталган.

Туристтик объектилер менен тааныштырган бул иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм боюнча өкүлчүлүгү тарабынан Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Түркиянын Туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) тарабынан уюштурулган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»