17:29, 25-апрель, 2024

«Аны жолдор дагы эстеп турат...». Акымбек Исаковдун жаркын элесине арналат

На русском
10:01, 20-май, 2021 8437

АКИpress -  2021-жылдын 20-майында Акымбек Исаков 80 жашка толмок. Анын жашоосу — эмгекчилдиктин, өзүнүн кесиби менен жумушуна берилгендиктин, Мекенине талыкпаган кызмат өтөөнүн жана айланасындагы адамдарга, үй-бүлөсүнө, жакындарына жылуу, ак ниет мамиле кылуунун үлгүсү.

Өмүр жолу

Исаков Акымбек Исакович 1941-жылдын 20-майында Ысык-Көл районундагы Корумду айылында жарыкка келген.

Ал ата-энесинен эрте ажырады. Атасы Исак уулу төрөлгөнгө чейин көз жумуп, апасы Шайкеден 6 жашында айрылган.

Бир туугандары: Абдыкадыр байке, Абдыбек байке, Картбек жана Майраш эже.

Акымбек Исаков апасы көз жумгандан кийин атасынын агасы Ыйазалы менен улуу агасы Абдыкадырдын колунда тарбияланган. Аны тарбиялоодо улуу эжеси Майраш эженин да салымы чоң. Ал иниси үчүн терең билим алуу маанилүү экенин түшүнүп, бул үчүн көп күч жумшаган.

Билими

7 жашка чейин Корумду айылындагы 7 жылдык мектепте, андан кийин ата-энесинен ажыраган жана оор шарттагы балдарды кабыл алуучу Темир айылындагы интернат-мектепте билим алган. Орто мектепти 1959-жылы артыкчылык аттестат менен аяктаган соң, Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун тоо-геологиялык факультетинде кен байлыктарды издөө жана чалгындоо адистиги боюнча билим алып баштаган.

1975-жылы Москва илимий-изилдөө институтуна аспирант болуп кабыл алынып, 1978-жылы аяктаган.

Жумушу. Негизги долбоорлор

1965-жылы институтту аяктап, «Гипроводхоз» долбоорлоо институтуна жумушка кирген. Андан кийин советтик армиянын катарына чакырылып, 1966-жылдын аягына чейин кызмат өтөгөндөн кийин Автотранспорт жана шоссе жолдору министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгына жумушка кабыл алынган.

1967-жылдын июнь айынан тарта өмүрүнүн акырына чейин «Кыргызжолунаадолбоор» институтунда эмгектенди. Андагы эмгек жолун улук инженер катары баштап, инженер-жетекчи, башкы геолог, инженердик изилдөө бөлүмүнүн башчысы кызматына жетти. Өлкөдөгү кайра куруу учурунда институт кайра уюштурулгандыктан акыркы жылдары башкы геолог болуп эмгектенген.

1995-жылдан тарта Бишкек—Ош, Бишкек—Торугарт, Ош—Эркеч-Там, Ош—Исфана, Сары-Таш—Карамык, Cуусамыр—Талас—Тарас, Түп—Кеген, Балыкчы—Каракол—Балыкчы, Балыкчы—Жалал-Абад унаа жолдорунда эл аралык стандарт боюнча изилдөө жүргүзүү иштерине катышкан.

Ошондой эле башка өлкөлөрдө инженердик-геологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүгө да аралашты.

Кытай, Россия жана Казакстандагы жолдор да аны эскерет: Кытайдагы Эркеч-Там-Улугчат-Кашгар унаа жолу, Казакстандагы Уральск—Атырау (500 км), Атырау—Актау (950 км), Караганда—Астана, Алматы—Хоргос, Чунжа—Кеген, Бишкек—Алматы, Алматы—Усть-Каменогорск унаа жолдору.

Батыш Европа—Батыш Кытай, Россиянын чек арасынан тарта Яйсан—Актюбинск—Хромтад—Карабутан—Аральск—Кызылорда—Чымкент—Жамбыл—Алматы—Хоргос (3000 км созулат) жолдорунун ишине катышкан. Учурда жол 70-80% курулуп бүттү.

Сыйлык жана наамдары

- 1973-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамотасы;

- 1986-жылы СССРдин Жогорку советинин президиумунда «Эмгектеги эрдиги үчүн» медалы менен сыйланган;

- 1988-жылы Бишкектин мэриясы «Эмгектин ардагери» күбөлүгүн берген;

- 2009-жылы «Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу» наамын, ошондой эле «Персоналдык пенсионер» күбөлүгүн алган;

- Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинин ардак грамотасы менен бир нече жолу сыйланды.

Үй-бүлөсү

Көп жылдык эмгеги жана жогорку сыйлыктарга татыганына үй-бүлөнүн бейкуттугун сактап, бүткүл жашоосунда ишенимдүү жөлөк болгон жубайы Гүлбаранын салымы чоң. Жумушунун 40-50 пайызы талаадагы иштер менен байланышкан геологдун жубайы болуу оңой эмес.

Жубайлар бирге 55 жыл жашап, 4 балалуу болушту. Уулдары — Талай, Талант, кыздары — Айгүл, Айнура. Ошондой эле 11 небере, 3 чөбөрөсү бар.

Акымбек Исаковичти туугандары, достору жана балдары эскерет

Досу жана тууганы Кеңеш Супамбаевдин эскерүүсү

Эң сонун адам, тууганыбыз, досубуздун бир жылдан бери биздин жаныбызда жоктугу өкүндүрөт. Жаратылыштын бермети болгон көгүлтүр Ысык-Көл көлүнүн жээгинде Акылбек менен бирге өстүк. Орто мектепти ошол жактан аяктаганбыз.

Акымбек менден 3 жашка кичүү болгону менен теңтуштай эле достошуп жүрдүк. Ал акыркы 3 класста — 8-11-класстарда Темировка айылындагы интернат-мектепте окуду. Ал айылга мен күн сайын Корумдудан жөө барчумун. Экөөбүз кезигип, бири-бирибизге жаңылыктарды айтып, кыялданчубуз. Бала кездеги бош убактыбызды экөөбүз чогуу өткөрдүк. Көлгө түшүп, суунун жээгинде шахмат ойногонду жактырчу элек. Ал шахматты абдан жакшы ойногондуктан балдардын баарын утуп алчу.

Жайкы эс алуу учурунда колхоздун талаа жумуштарында иштедик. Ал эми кышкысын мектепте жана жергиликтүү шахмат турнирлери өтүп, анда дайыма Акымбек жеңип чыкчу эле.

Акымбек орто мектепти аяктагандан кийин мени ээрчип Фрунзедеги Политехникалык институттун тоо-геологиялык факультетине барды. Жакшы окуп, факультеттин жашоосуна активдүү катышып, шахмат турнирлеринде да жеңүүчү болуп жүрдү. Институтту жакшы аяктап, инженер-геолог деген диплом алып чыкты.

Институтту аяктагандан кийин экөөбүз Советтер Союзунун ар кайсы жерине жумуш менен кетип, кийин кайрадан Кыргызстандан жолугуштук. Мурункудай эле шахматтык турнирлерде, өзгөчө Геологдор күнүнө арналып Геология башкармалыгында өткөндө көп жолуктук.

Шахматка болгон сүйүүнү өзүнүн балдарына, неберелерине да жеткирди. Кызы Айнура учурунда балдардын, өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун республикалык чемпионаттарында бир нече ирет жеңүүчү, призер болуп, Бишкектин кыз-келиндер арасындагы 2 жолку чемпиону аталып, Кыргызстандын курама командасы менен Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышты.

Небереси Атай Акымбеков шахмат боюнча балдар арасындагы эл аралык мелдештин, ошондой эле Кыргызстандын Президентинин кубогунун призеру болду.

Акымбек жакшы, ишенимдүү жана берилген дос болду. Пандемия учурунда мага көп ирет телефон чалып, белгилүү гроссмейстерлердин шахмат партияларын карап жатканын, чарбагына мурда болуп көрбөгөндөй кам көрүлүп жатканын айткан. Мен кабат үйдө отурганыма кейип, ооруп калбашым үчүн сактанууга кеңеш берген эле. Өзүн болсо сактап кала албады...

Ушундай эң сонун Адам биздин жаныбызда жоктугу абдан өкүнүчтүү жана капалантат. Урматтуу досум Акымбек, мен сени дайыма эстеп жүрөм. Сен менин эң сонун тууганым элең...

Кесиптештеринин эскерүүсү

Акымбек Исакович — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, легендарлуу адам, «Кыргызжолунаадолбоор» институтунун сыймыгы, өз ишинин профессионалы.

Ал өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн кесибине, өзүнүн институтуна берилген адам бойдон калды. Биздин өлкөнүн жолдорунун өнүгүшүнө баа жеткис эң чоң салым кошуп, жолдун дээрлик ар бир чакырымында жөө басуу менен жан дилин салып иштеген.

Жаш курагына карабастан кандай гана аба ырайы болсо да дайыма жумушка даяр болуп, жоопкерчилик чоң болгон иштерге катышып турчу. Жамаат ичинде кадыр-баркы артып, урмат-сыйга татыган.

Улан Оморовдун эскерүүсү

Кыргыз Республикасын эмгек сиңирген куруучусу, «Кыргызжолунаадолбоорлоо» институтунун белгилүү башкы геологу Исаков Акымбек Исакович тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Ал инсан биз жакшы көргөн, сыйлаган, кадырлуу, адамдык сапаты өтө бийик, өз ишин жогорку деңгээлде билген кесипкөй инсан. Анын баскан изи ар бирибиз үчүн чоң өрнөк. Адам баласы сынала турган учурга келгенде ал абийир, ар-намыс жана бийик адамдык касиеттерин көрсөтүп, адам деген улуу атты бийик туткан, өз ишинин татыктуу чебер адиси. Мына ошондой кесипкөй адамдардын бири Акымбек Исакович эле. Бул инсандын жасаган иштери, басып өткөн жолдору тууралуу сөз кыла турган болсок мактоого татыктуу.

1967-жылы «Кыргызжолунаадолбоорлоо» институтунда кесиби боюнча иштеп калат. Мына ушул учурдан баштап Акымбек Исаковичтин турмуш жолунда, жолдорду жана көпүрөлөрдү изилдөөдө өзүнүн сүйгөн кесиби боюнча иштери кызуу башталат. Ош—Бишкек жолун долбоорлоодо Акымбек Исаковичтин салымы өтө чоң десек жаңылышпайбыз. Акымбек Исаковичтин ар-бир жасаган иши жалпы кыргыз элинин экономикасына, социалдык өсүп- өнүгүшүнө салымы өтө чоң. Акымбек Исаковичтин ушул мезгилге чейин жасаган иштеринин салымы баа жеткис. Ал жасаган жол, көпүрө долбоорлору жүрөктүн кан тамырындай болуп, кыргыз элинин бири-бири менен болгон катнашына, байланышына, соода-сатык иштерине, толгон-токой чарба иштеринде да чоң пайдасы тийип жатат. Өзгөчө альтернативдик Балыкчы—Жалал-Абад жолун изилдөөдө салымы тоо көтөргүс аябагандай чоң иш. Бул жол кыргыз элинин түндүк-түштүк карым-катнашын байланыштырып, бирине-бирин жакындашууга, экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Балыкчы—Жалал-Абад жолу илгерки Совет учурундагы БАМ курулушун элестетет, көп деген кыйынчылыктар болду. Кыргызымдын тоо-таштарын жөө аралап өтүп, көк мелжиген тоолордун чокусуна чыгып, аларды бийиктиктен карап суктанып: «Улан, сүрөткө тартып койчу. Кийин эстелик болот, эстеп жүрөсүңөр» дечү эле. Шарпылдаган сууларды кечип, алаканга кочуштап: «Кыргызымдын таза, тунук суусунун муздагын карачы. Ичсең суусунуң канат, кандай сонун биздин суулар, кандай кооз биздин тоолор, токойлор, талаалар...» деп суктанчу. Өзгөчө кыргызыбыздын улуттук суусундугу, кычкыл даамдуу кымызын өтө жакшы көрчү, тамшанып ичип черин жазчу. «Ай Улан, ал, дагы ичсең» деп колдоп, кетээрде: «Кел эми, тиги идиштерге куюп, ала кетели» деп...

Аттиң, бири кем дүнүйө дегендей, атабыз адамдык сапаты, адамдык касиети, жөнөкөйлүгү менен баалуу болчу. Бизге жумуш учурунда жол кандай кетиш керек, бул кандай топурак, бул кандай таштар экенин, өзүндө болгон тажрыйбаларынын баарын майда-чүйдөсүнө чейин эринбей айтып: «Жакшы жүргүлө, коллектив менен ынтымактуу болгула, жакшы иштегиле, өзүңөргө так болгула», - деп акыл-насаатын айтып, өзүнүн баласындай мамиле кылчу.

Акымбек Исакович биз үчүн ата болуп калган. Жумушка келгенде атабызды көргөндөй болчубуз. Ал киши айтаар эле: «Ушул жумушта иштегениме элүү жыл болуптур. Ушунун жыйырма жылын эжеңер, бала-чакам менен болсом, калган отуз жылын жумуш менен, силер менен командировкада өткөрүптүрмүн», - деп күлүп калчу.

Ошондой эле боордош казак элине да Акымбек Исаковичтин салымы чоң. Казак Республикасынын жолдорун долбоорлоодо «Кыргызжолунаадолборлоо» институтунун аброюн жана Кыргыз элинин баркын көтөрдү десем жаңылышпайм.

Жумуштагы түшкү тыныгуу учурунда биздин жаш муундарыбыз менен кошо теңтайлашып, стол теннисин ойноп, аларды утуп да алчу. Спортко шыктуу эле, өзгөчө шахмат оюнун жакшы ойночу. Жолдор министрлигинин кубокторунда шахмат боюнча астына ат салдырбай, биринчиликти Акымбек Исакович алчу. «Неберелеримди Чолпон-Атага алып барып келдим. Бишкекте эртең шахмат боюнча жарыш экен, ошого неберелеримди даярдап жатам», - деп, неберелери менен сыймыктанып, аларды көп айтчу.

Акымбек Исакович, сиз биздин жүрөгүбүздөсүз, сизди биз эч качан унутпайбыз, сиз биздин элесибиздесиз! Жаткан жериңиз жайлуу болуп, ыйманыңыз саламат болсун.

Жусуп Мураталиевдин эскерүүсү

1978-жылы мен инженердик чалгындоо бөлүмүнө техник-геодезист кызматына жумушка орноштум. Ошол убакта аталган бөлүмдүн жетекчиси Тамабаев Тенти Осмонкулович, башкы геологу Исаков Акымбек Исакович болчу. 1-2 жылдан кийин Акымбек Исакович аталган бөлүмдү жетектеп калды.

Акымбек Исакович менен шахмат залында таанышкам. Анын жөнөкөйлүгүнө, адамгерчилигине жана билимине абдан таң калгам. Себеби буга чейин андай адамдарга жолуккан эмесмин.

Биз төмөнкү объекттерде чалгындоо иштерин чогуу жүргүздүк:

- Кумтөр—Барскоон жолу, ошондой эле аталган жолдогу №29 көпүрө;

- 619 чакырымга созулган Ош—Жалал-Абад—Кара-Суу—Бишкек жолу, техникалык-экономикалык негиздемесин түзгөнбүз;

- 678 чакырымга созулган Бишкек—Жалал-Абад—Өзгөн—Ош жолу;

- 240 чакырымга созулган Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жолу, техникалык-экономикалык негиздемесин түзгөнбүз;

- Кытай Элдик Республикасында жайгашкан 45 чакырымга созулган Сымкана—Улук-Чат жолу;

- 500 чакырымга созулган Бишкек—Нарын—Торугарт жолу, техникалык-экономикалык негиздемесин түзгөнбүз;

- Казакстандын аймагында, 3000 км;

- Кыргыз элинин бермети — Ысык-Көл көлдүн айланасы, 420 км;

- 433 чакырымга созулган Балыкчы—Кочкор—Казарман—Жалал-Абад жолу, техникалык-экономикалык негиздемесин түзгөнбүз.

Акымбек Исакович өтө жөңөкөй, кичи пейил, ак көңүл, иштерман, чыныгы геолог болгон. Спорттун шахмат, шашки, домино, волейбол, cууда сүзүү түрлөрүнө кызыкчу.

Командировкада жүргөндө бизге көп нерсени үйрөттү. Жетекчи болсоң да жакшы иште дечү. Ал өзү колуна лом, күрөк, кирка алып, шурф казган учурлар көп болгон. Сөз менен айтып бүткүс илимпоз эле. Токтогул, Калыгулдун ырларынан, казак эл ырларынан ырдап, «Манас», «Курманбек» эпосторунан үзүндүлөрдү айтып берчү.

Акымбек Исаковичти мугалимимдей сыйлап, урматтачу элем. Агайым аска тоодой бийик, илими деңиздей терең, жүрөгү өтө кенен, чыныгы кыргыз элинин патриоту болчу. Агайым дайыма менин жүрөгүмдө калат.

Досторунун эскерүүсү

Убакыт менен сыналган достук. Асанбай Исраиловдун жубайы Рая Апсаматованын эскерүүсү

Акымбек менен Асанбайдын достугу чогуу иштеп башташканда жаралган. 1965-1966-жылдары Фрунзе шаарында Транспорт министрлиги жана «Гипрострой» институтунун жол бөлүмүнүн базасында долбоордук топ ачылды. 1967-жылга чейин республика боюнча биргелешкен командировкаларга барышты. Бул командировкалар 50 жылдан ашык убакытка созулган достуктун жаралышына жардам берди.

Кийинчерээк Асанбай №958 жол тейлөө башкармалыгына башкы инженер кызматына барган. Акымбек иштеген долбоордук топ ошол мекемеде жайгашкан болчу. Көп өтпөй экөө тагдырдын буйругу менен бир райондо жашап башташкан. Асанбай үй-бүлөсү менен Кызыл-Аскерге көчүп барган. Ал жакта Акымбек үй-бүлөсү менен жашачу. Андан кийин алардын жубайлары бири-бири менен таанышып, бири-бирине жагып, достошуп калышкан. Эки жаш үй-бүлө көпчүлүк дем алыш күндөрүн чогуу өткөрчү, ал эми майрамдар жана туулган күндөр бири-бирисиз өтчү эмес. Акымбек жумушуна байланыштуу командировкаларга көп барса дагы, алар баарлашууга убакыт табышчу. Акымбек командировкага кеткенде анын жубайы Гүлбара (аны баары Күкүн дешчү) уулу Таалай менен шаарда калышчу.

Андан кийин Акымбек Асанбайды досу жана тайпалашы Төлөн Үкүдеев менен тааныштырды. Төлөн дагы геолог, илимдин кандитаты болчу. Ал билимдүү, чынчыл жана абдан абийирдүү адам эле. Төлөн үйлөнгөндө 3 үй-бүлөнүн достугу башталган. Ал кез туулган күндөр, майрамдар жана чыныгы достук менен коштолгон өтө сонун убак эле. Бул атмосферада балдар төрөлүп, чоңоюшкан. Акымбек 4 баланын атасы болду. Төлөн менен Асанбай 3 балалуу болушту.

Кийинчерээк Төлөн катуу ооруп, тилекке каршы эрте дүйнө салды…

Акымбек менен Асанбайдын достугу жыл санап бекемдеп, 55 жылдай созулду. Убакыттын өтүшү менен достордун келбети дагы бири-бирине окшошуп калды. Экөө тең бийик бойлуу, ак чачтуу… Тааныбаган адамдар аларды эгиздер деп ойлошчу.

Аларды көп нерсе бириктирчү: жашоого болгон көз караштары, дүйнө таанымы, адеп-ахлактык жана адамдык сапаттары.

Акымбек кесибин, тоолорду жана жашоону сүйчү. Чынчыл, өтө жоопкерчиликтүү жана тартиптүү адам болчу. Андан тышкары шахмат оюнун абдан жакшы көрчү. Мүмкүнчүлүк боло калса эле шахмат ойночу. Акымбек менен Асанбай бул оюнду көп ойноду.

Бул эки адамдын достугу — тилекке каршы жашоодо өтө аз кездешкен «кубулуш». Ал таза жана чыныгы, чын жүрөктөн чыккан достук болчу. Алар каза болсо да достугу жубайларынын, балдарынын ортосунда уланганы кубандырат.

Акымбек 80 жылдыгына 1 жыл калганда көз жумду. Ал күчтүү жана дени сак адам болчу жана пандемия болбогондо азыр биз менен чогуу болмок.

Биринчи Асанбай дүйнө салды, 2020-жылдын 9-июлу болчу. Бир ай өткөндөн кийин – 2020-жылы 9-августта Акымбек көз жумду. Алар бул жерден да дос бойдон калышты.

Акымбектин жаркын элеси түбөлүккө сакталат!

Асанбайдын жаркын элеси түбөлүккө сакталат!

Аркы дүйнөдө баш кошкон жүрөктөр болот. Өлүмдөн кийин уланган достук дагы бар.

Балдарынын эскерүүсү

Биздин сүйүктүү атабыздын көзү өткөнүнө бир жылга жакындап калды. Муну кабыл алуу азыркыга чейин оор, ишене албайбыз. Биздин эсибизде дайыма боорукер, маңдайы жарык, берешен адам жана сүйүктүү ата катары калат.

Эсимде, кичинекей кезибизде бизди Ысык-Көлгө, бир тууганы Абдыкадыр атага жана туугандарына, улуу эжеси Майраш апага жайлоого алып барганды жакшы көрчү. Командировкалардын ортосунда сейил бактарга алып барып, таттууларды жана оюнчуктарды алып берчү. Көп жыл өткөндөн кийин биздин балдарыбыз — неберелери менен убакыт өткөргөндү жактырчу. Ал учурлар азыркыга чейин биздин эсибизде.

Атабыздын жашоосунда аны бардык тараптан колдоп турган апабыз Гүлбара чоң роль ойноду. Алар бири-бирине тирек, бир бүтүн болушчу. Бири-бирине болгон сүйүүнү жана сый-урматты түбөлүк сактап калышты.

Атам шахмат менен алектенгенди жакшы көрчү. Тамашалап, бул байыркы оюнду өзүнүн «экинчи сүйүүм» деп атачу. Жумуштан кийин шахмат клубунда же сейил бакта шахмат ойногонду жактырчу.
Атам бизге ынтымактуу болуп, бири-бирибизди колдоп, жакшы окуп, эмгектениш керек экенин көп айтты. Ал ушуларды татыктуу жашоонун негизи катары көрчү. Окуудагы умтулуу жана жумушта лидер болуу кандайдыр бир деңгээлде өзү жетишкен ийгиликтерге жетүүгө жардам берди. Ал жумушун аябай сүйчү, кесибине, институтуна өмүрүнүн аягына чейин берилип иштеди. Картайганына карабай биз үчүн дайыма жаш, активдүү, күчтүү жана оптимист көрүнчү.

2020-жыл биздин үй-бүлө үчүн аябай оор болду. Биз эки сүйүктүү таякебизди дагы — Кубан Акунов жана Карыбек Жигитековду жоготтук. Алар боорукер, чынчыл, абийири таза адамдар эле. Атам таякелерибиздин жана досу Асан атанын өлүмүнө катуу кайгырып жүрдү. Аларды биздин өлкөдөгү интеллигенциянын мыкты өкүлдөрү деп саначу. Кийинчерээк атамдын блокнотунан алардын каза болгон күндөрү жазылганын көрдүк. Ошол учурда атабыздын каза болорун ким билиптир...

Атабызды эскерип жатып бизге кымбат Асан атаны эстебей кете албайбыз. Ал боорукер, абийирдүү, билимдүү жана сулуу адам эле. Биздин үй-бүлө 55 жыл Исраиловдордун үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болду. Кубанычта да, кайгы-капада да алар дайыма биз менен чогуу. Биз азыркыга чейин үй-бүлөбүз менен жолугуп, аталарыбызды эскерип, алар биз менен чогуу болгон айрым учурларды эстеп, ыйлап, күлүп калабыз. Жашоо уланууда, адамдар биздин эсибизде болсо, алар тирүү. Биздин аталарыбыз кызыктуу жана кооз жашашты!

Кубан таяке, Асан ата, Акымбек ата, Карыбек таяке, биз дайыма силерди эстеп жүрөбүз, биздин эсибизде дайыма боорукер жана маңдайы жарык адам катары каласыздар! Жаткан жериңер жайлуу болуп, топурагыңар торко болсун!

2021-жылы 20-майда биздин сүйүктүү атабыз Акымбек Исаков 80 жашка толмок. Анын жаркын элеси жакындарынын, анын айланасында жүргөн адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Биздин Кыргызстандын жолдорунда бара жатып, мында биздин атабыздын дагы зор салымы бар экенин, жашоосун бекер жашабаганын түшүнөсүң. Тоолор менен жолдор дагы аны унутушпайт...

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком