22:24, 6-май, 2021

Садыр Жапаров республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтты

12:18, 5-май, 2021 219

АКИpress -  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Анын жүрүшүндө өлкө башчысы республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө сөз кылды.

«Биз экономикалык реформаларды жүргүзөбүз, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз.

Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Башкарууну жакшыртууга, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана санариптештирүүгө, салык жүгүн төмөндөтүүгө жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган фискалдык системаны реформалоо ишке ашырылат. Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз! Андыктан 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз.

Экинчиден, бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү. Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот интситуту өнүктүрүлөт. Үчүнчүдөн, биз тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздашыбыз керек. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот. Ошондой эле транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукциянын сыртка чыгуудагы көйгөйлөрүн чечүү маанилүү. Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан „Бир алкак — бир жол“ долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз. Биз заманбап шарттары бар мульти-модалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Ага жер бөлүп беребиз.

Төртүнчүдөн, экономикага түз инвестицияларды тартуу керек. Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун өөрчүтүү зарыл. Бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана инфраструктуралык базаларды калыбына келтирүү үчүн түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу маанилүү. Бул кадамдардын мамлекеттин стратегиялык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келиши абзел.

Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек», - деди президент.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер