22:14, 6-май, 2021

Сүрөт — Баткен облусуна жаңы жетекчи келди

На русскомНа русском
09:58, 5-май, 2021 2457

АКИpress -  Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп Алимбаев Абдикарим Карбекович дайындалды. Ал тууралуу буйрукка бүгүн, 5-майда премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. А.Алимбаев Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.

Бул кызматта эмгектенип келген Өмүрбек Субаналиев кызматтан кеткени 4-майда кечинде белгилүү болду.

Өкмөт өкүлүлүнүн биринчи орун басары болуп Ташбалтаев Абдирашит Каримович дайындалды. Мурунку орун басар Эрлан Сапарбаев өз каалоосу менен арыз жазганын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына 4-майда кечинде өзү билдирген.

Жаңы жетекчилерди жамаатка бүгүн биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тааныштырды.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер