22:15, 6-май, 2021

Жерге-Талдагы кыргыздар боюнча ТИМдин билдирүүсү

На русском
09:54, 5-май, 2021 517

АКИpress -  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Тажикстандын аймагында туруктуу же убактылуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарын күч менен чыгарып жатышканы тууралуу маалыматы бар.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселе ушул жылдын март айынын ортосунан бери Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө. Бул маселе Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Паспорт-миграция кызматы тарабынан Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районунда күтүлбөгөн текшерүү иштери жүргүзүлүп башталганы тууралуу алгачкы маалымат келгенде көзөмөлгө алынган.

1-апрелде Москва шаарында өткөн КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолукканда кыргыз тарап аталган маселе боюнча кабатырланып жатканын билдирген.

Ошондой эле бул маселени Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери дагы талкуулап жатышат.

«Абалды жөнгө салуу максатында биз тараптан Тажикстанга жакын арада консулдук маселелер боюнча Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультация өткөрүү сунушталды», - деп айтылат маалыматта.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер