21:45, 6-май, 2021

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматтан кетти. Себеби?

На русском
09:42, 5-май, 2021 375

АКИpress -  Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан өз каалоосу менен кете турганын 4-майда кечинде социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялаган. Анын себебин да айтты.

  • Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри болуп 2020-жылдын 29-октябрында дайындалган.

«Менин ден соолугум бул кызматта калууга жол бербейт. Себеби Бактыбек Кудайбергеновдун жетекчилигинде иштеген 3 айдын ичинде нерв системаларым жабыркады. Мен дарыланышым керек», - деп жазган.

Чыныбаева мэрдин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергеновдун саясаты менен макул эмес.

«Мага кыйкырып жатышса, мен иштей албайм», - деген мурунку вице-мэр мэриянын кызматкерлери жыйындардан корко турганын кошумчалаган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер