22:51, 6-май, 2021

Лейлек менен Баткендин акимдери кызматтарынан бошотулду

На русском
09:20, 5-май, 2021 415
// Айгерим Тургунбаева

АКИpress -  Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов жана Баткен районунун акими Акылбек Орозов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондой эле аталган жетекчилер буга чейин аттестациядан өтпөй калышканы, ага байланыштуу жакын арада баары бир кызматтан бошотулмактыгы айтылды.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер