22:54, 6-май, 2021

5-май: Баткенде абал туруктуу

На русском
09:13, 5-май, 2021 239

АКИpress -  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-майга карата билдирген маалымат боюнча, Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок.

Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоого ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү чыккан.

«Баткен облусундагы бардык фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер