22:57, 6-май, 2021

15 жаштагы Вадим Колесник балдар үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз

На русском
18:43, 4-май, 2021 288

АКИpress -  2006-жылы төрөлгөн Колесник Вадим Александрович изделип жатканын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-майда билдирди. Ал Военно-Антоновка айылында жайгашкан балдар үйүнөн 2021-жылдын 31-мартында чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Вадимдин бою 145 см чамалуу, арык, чачы жана көзү кара.

Милициянын маалыматы боюнча, өспүрүм мурда да балдар үйүнөн бир нече жолу качып, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылып турган.

Вадим Колесник тууралуу малыматы бар жарандар Чүй ОИИБ менен (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, телефон номурлары, Сокулук РИИБ менен (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0701 80 18 03 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер