22:35, 6-май, 2021

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы депутаттык мандаттарынан кол жууду. Жогорку соттун чечими чыкты

На русском
17:50, 4-май, 2021 397
Мэрия Бишкека
Мэрия Бишкека

АКИpress -  Бүгүн, 4-майда Жогорку сот Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын административдик соттун чечимине каршы кассациялык даттануусун карады. Анын жыйынтыгында Жогорку сот Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Тактап айтканда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечими өзгөргөн жок.

«Жогорку сот административдик соттун өкүмүн күчүндө калтырды», - деди жактоочу Дастан Улан уулу.

Буга чейин БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин колдогон.

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы добуш сатып алууга айыпталган.

Андан кийин Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы БШКнын жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине каршы Бишкек шаардык административдик сотуна даттанган. Бирок сот партиянын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 8 депутаттык мандатка ээ болгону жарыяланган болчу.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер