21:23, 6-май, 2021

Жогорку Кеңештин 6-майдагы жыйынында карала турган мыйзамдар

20:55, 4-май, 2021 745

АКИpress -  6-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт.

Күн тартиби:

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Касымалиева А.К., Масабиров Т.А.);

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Баатырбеков А.Б., Айдаров С.А., Алтынбеков А., Ормонов У.З., Матраимов И.И., Алтыбаева А.Т., Зулушев К.Т.;

4. “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт;

5. “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Турсунбаев А.А., Айдаров С.А., Кыдыралиев У.Т., Бакиров М.И., Тулендыбаев П.Р., Турускулов Ж.К., Бекешев Д.Д., Абжалиев А.Т.);

6. “2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө ” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт;

7. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Эсенаманов З.С., Карашев А.А.;

8. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер