22:40, 6-май, 2021

Аламүдүндүн тургуну кароосуз калган үйүндө баңгизат жана ок-дары сактап жүргөн

На русском
15:48, 4-май, 2021 208

АКИpress -  Аламүдүн районунда мыйзамсыз ок-дары жана баңгизат сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Аламүдүн РИИБдин кызматкерлерине эркек киши үйүндө ок-дары сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалыматты текшерүү учурунда Аламүдүн районундагы айылдардын бириндеги кароосуз калган үйдө жашаган эркек киши буга чейин бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы Б.З. аттуу жаран экендиги такталган. Анын жанынан желим баштыкка оролгон өңү кочкул жашыл түстөгү зат табылып, экспертизанын жыйынтыгында ал баңгизат экендиги, салмагы 69,38 граммды түзөрү аныкталган.

Андан сырткары 5,45 мм калибрдеги жана 12 мм калибрдеги октор табылган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, алынган бардык далил буюмдарга экспертиза дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер