22:20, 6-май, 2021

Бажы кызматынын полковниги Болот Сакебаев көз жумду

На русском
15:04, 4-май, 2021 570

АКИpress -  Бажы кызматынын ардагери, полковник Сакебаев Болот Абдышевич 66 жашында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маркум 1995-жылдан 2002-жылга чейин бажы органдарында иштеген.

Сакебаев бажы органдарындагы эмгек жолун алгач тышкы байланыш бөлүмүнүн улук инспектору кызматынан баштаган. Андан кийин «Манас», «Кара-Балта», «Токмок», «Бишкек», «Жалал-Абад» бажыларын, «Түндүк» темир жол бажысын жетектеген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-майда Бишкек шаарында өтөт. Сөөгү Сары-Жон айылында жерге берилет.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер