22:18, 6-май, 2021

Россиялык блогер 40 күндүк эксперименттен көз жумду

На русском
13:09, 4-май, 2021 587
Виталий Выграновский
Виталий Выграновский

АКИpress -  Россиялык 40 жаштагы блогер Виталий Выграновский Абхазияда көз жумду. Ал эксперимент үчүн 40 күн бою ачка жүргөн.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, ачкачылыкты март айында Москва шаарында баштаган. Ага чейин 40 күн бою тамак-аш жана суу ичпестен жашап көрүүнү көптөн бери каалап жүргөнүн айткан болчу.

Ачкачылыктын 10-күнүндө блогер өзүн жаман сезип баштаган. Москва шаарынын атмосферасы жакпай баштагандыктан Абхазияга жер которгон. Ал эми 20-күнү Выграновский тазаланып калганын сезип жатканын, арыктаганын жана физикалык күчү жоктугун айткан болчу.

Ачкачылыктын 35-күнүндө абалы оор экенин билсе дагы экспериментин токтоткон эмес.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер