22:08, 6-май, 2021

Равшан Сабировго карата буга чейин чыгарылган соттун өкүмү жокко чыгарылды

На русском
12:14, 4-май, 2021 347
Равшан Сабиров
Равшан Сабиров

АКИpress -  Жогорку сот мурдагы вице-премьер-министр Равшан Сабировго карата буга чейин чыгарылган соттун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда АКИpress агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда Жогорку соттун 2021-жылдын 20-апрелиндеги токтомуна ылайык, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жактоочунун өтүнүчү канааттандырылган.

Муну менен Жогорку соттун 2013-жылдын 23-майдагы токтому жана Бишкек шаардык сотунун 2013-жылды 7-марттагы чечими жокко чыгарылды жана кылмыш иши кайра апелляциялык кароого жөнөтүлдү.

Окуя тууралуу:

Равшан Сабиров 2011-жылы декабрда социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 2012-жылы июль айында пара опузалоого шектелип кармалган.

Ага чейин бир күн мурун Сабировдун жардамчысы кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, Сабировдун жардамчысы чет элдик компанияга Кыргызстанда эл аралык бала асырап алуу тармагында иш алып баруу үчүн аккредитациядан өткөрүүгө 20 миң доллар опузалаган.

«Жардамчы жетекчисинин көрсөтмөсү менен чет элдик компаниянын өкүлүнөн эки ирет акча алганын айтты», - деп билдирген УКМК.

2013-жылы 7-мартта Бишкек шаардык соту Сабировду Жазык кодексинин (эски редакциясы) 310-беренеси (Паралап сый берүү) менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыраткан. Сабиров жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөмөк. Кылмыш ишин караган Жогорку сот дагы шаардык соттун бул чечимин күчүндө калтырган.

2014-жылы март айында Сабировго мунапыс берилип, абактан бошотулган.

2020-жылы октябрда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен вице-премьер-министр кызматына дайындалып, 2021-жылы 3-февралда кайра кызматынан бошотулган.

Ушул жылы 5-февралда президенттин кеңешчиси болду.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер