23:01, 6-май, 2021

Бишкекте өспүрүм баланы уурдаган шектүүлөр кармалды

На русском
11:25, 4-май, 2021 430

АКИpress -  Кечээ, 3-майда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүнөн жаш бала уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, көп узабай шектүүлөр кармалды.

Айтылган дарекке барган кайгуулчулар 2004-жылы туулган У.Ж. 20-25 жаштар чамасындагы эркек адамдар тарабынан уурдалганын, аны күч колдонуу менен унаага салып кетишкенин угушкан. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К. жана 1992-жылы туулган А.Н. шектүү катары кармалды.

Бул факт Свердлов РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер