Президент Садыр Жапаров менен маек
На русскомАКИpress - Президент Садыр Жапаров АКИпресс агенттигинин журналисттеринин суроолоруна жооп берди. 26-апрелдеги маектин алкагында чек ара маселеси, электр энергияга болгон бааны өзгөртүү, кумарканаларды ачууга уруксат берүү сыяктуу актуалдуу маселелер айтылды.
- Акыркы учурда эң көп талкууга алынган темалардын бири — чек ара көйгөйү. Жакында эле чек ара маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга жана Өзбекстанга барып келди. Андан кийин Кыргызстандын чек араларында жашаган айылдардын тургундары макулдашуудагы айрым пункттарга байланыштуу өздөрүнүн нааразычылыктарын айтып башташты.
К.Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселени Өзбекстан менен кайра карап чыгууга макул болду.
Сиздин пикир боюнча, Тажикстан менен конкреттүү түрдө кандай келишпестик болуп жатат? Ал эми Өзбекстан менен жетишилген макулдашуу боюнча эми эмне болот?
- Эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси боюнча талаш-тартыштар сөзсүз болот. Алар жөн эле, оңой, жеңил чечилип калбайт. Мисалы, Өзбекстанда деле талкуулар болуп жатат, ал жакта деле жерлерибизди берип салды деп жатышат, аларда деле нааразычылыктар бар.
Ошондуктан эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чечилип жатканда сөзсүз түрдө бир жерден 5 гектер жер берсең, башка жерден же башка райондон, айылдан 5 гектер жер алышың керек. Тажикстан менен деле ошондой. Мисалы, шахмат тактасындай болуп калган жерлерибиз бар. Биз аны сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Керектүү жерин биз алып, аларга керектүү жерди беришибиз керек. Муну дагы жергиликтүү эл менен чечебиз.
Бизге чейин баары жашыруун чечип келген. 30 жылдан бери көрүнүп келгендей, жашыруун чечип, ратификациядан өтүп, кол коюлуп, бекип калгандан кийин биздин жер өтүп кетти деп ызылдап жатпайбызбы.
Биз айрым өтүп кеткен жерлерди элге ылайыктап, сыртынан алып өтүүгө сүйлөшүп жатабыз. Ошондой сүйлөшүүлөр жүргөндө бир жерден берсек, башка жерден жер алышыбыз керек. Бирок мындан ары жерим өтүп кетти деген ар бир райондун эли менен талкууга коюп, бардык жак менен сүйлөшүп чечебиз.
- Тажикстан менен кайсы маселелер чечилбей жатат? Анан Кемпир-Абад боюнча Өзбекстанга кандай жооп кайтарабыз?
- Бул башталышы гана. Эч кандай документке кол коюла элек.
Иш 4 этап менен жүрөт:
1. Биринчи комиссия протоколго кол коёт.
2. Президентке алып келет.
3. Аны президент колдосо, Жогорку Кеңешке жөнөтүп, эгерде колдобосо кайра артка кайтарат.
4. Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүп, кайра президентке жөнөтүлүп, кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.
Азыр жөн гана башталышы. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ары дагы жүргүзөбүз. Эми жергиликтүү элден дагы комиссиянын курамына кошобуз. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы деп жатабыз. Мурда жергиликтүү эл эмес, жалпы кыргызстандыктар билбей эле, зым тартылып калганда гана билчүбүз.
Азырынча Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрө элек. Чек ара маселеси бир жактуу чечилбейт.
Биз болгон күч-аракетибизди жумшап, кыргыз элинин пайдасына чечебиз.
- АКИпресс агенттигинин Turmush басылмасы Кыргызстандын бардык аймагындагы, анын ичинде чек арадагы элдин жашоо-турмушун, көгөйүн кеңири чагылдырып келет. Turmush басылмасынын окурмандарына, чек арадагы аймактарда жашаган элге кандай кайрылууңуз бар?
- Чек ара боюнча... Кээ бирөө «Ташиев чек арабызды сатып жиберди, кечээ патриот болчу, бүгүн патриот болбой калды» деп кыйкырып жатпайбы. Ташиев экөөбүз бул тууралуу айтып келе жатканыбызга 16 жыл болду. Анда алардын кээ бирлеринин эне сүтү оозунан кете элек бала болчу. Биз дагы деле ошол позициябызда турабыз. Ошондуктан чек арадагы айрым жарандарга, аянтка чыккан айрым жарандарга айтарым — тынч болгула, силер бүгүн патриот болсоңор, биз бул позицияда 16 жылдан бери бекем турабыз. Же алар эле патриот болуп, Ташиев экөөбүз патриот эмес болуп калабызбы? Аларга айтарым, тынч болушсун. Биз сөзсүз түрдө эл менен эсептешебиз, кеңешебиз, элдин пикирин да угабыз.
Мурун бирөө басып барчу эмес да. Кечээги эле — 10 жыл, 5 жыл мурункуну карасак, эч ким барган эмес. Ташиев болсо барып жатат. Өзгөнгө барды. Ала-Букага, Баткенге барып, эл менен жолугуп, ар кайсы участоктор боюнча кеңешип жатат. Андан кийин чечип жатабыз.
Майдын аягы, июнь айларында бошоп калам. Ошондо түштүктү кыдырып чыгам. Жеринде эл менен жолугам. Анан эл менен кеңешип чечебиз. Жергиликтүү элге, чек арада жашаган элге ушуну айтат элем.
- Референдум болуп өттү. Жакында жаңы Конституция менен жашап баштайбыз. Аны менен катар бийлик түзүмүндө реформалар болот. Ал иш эмнеден башталат?
- Биздин эл президенттик башкарууну тандап алды. Ошондуктан президенттик башкаруу болот. Аткаруу бийлигинин башында президент болот. Андан кийинкиси министрлер кабинетинин төрагасы болот. Андан кийин министрлер болот. Мурда өкмөт өзүнчө, президент өзүнчө болсо, азыр экөө биригип, бир өкмөт болот.
Реформалар жүрө баштайт. Мурдагыдай бюрократизм жок болуп, оперативдүү чечимдерди кабыл алабыз.
Мисалы, азыр жашап жаткан Конституция боюнча, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү бир кагазды өкмөткө салсаңыз, 15 күндө араң бүтүп келет. 3 саатта бүтүрүп койчу иш 1 айлап жоголуп кетет.
Акыркы 10 жылдан бери биздин башкаруу системабыз чаржайыт болуп кеткен. Жоопкерчиликти мойнуна алган эч ким жок. Эми жаңы Конституция ишке кирсе, андай болбойт. Өкмөт менен президент биригип, бир чечилип кете берет.
- Кадрлар боюнча эмне айтасыз? Сиздин командадагы жетекчилердин ишинин жыйынтыгы сизди канааттандырабы?
- Курам боюнча өтө деле өзгөрүү болбойт. Албетте, кадрлар боюнча бизде өтө кыйын экен. «Кадровый голод» деп коёбуз. Ошондойлор бар, жок эмес.
Министрлер азырынча өз ордунда калат. Биз мурун өкмөттү түзүп жатканда акылдашып, биргелешип кеңешип түзгөнбүз. 2 ай сайын өкмөттү өзгөртө бербей, бүгүнкү өкмөт ошол бойдон эле президентке кошулуп, бир саясат жүргүзө баштайбыз.
Ал эми ылдый жактагы кадрлар боюнча, акимдерди тандап бүттүк. Алар да жакын арада ротация болот. Түндүктүн жигиттеринин баарын түштүккө, түштүктүкүн түндүккө алып келип, акимдерди ротация кылып алмаштырабыз. Андан кийин бара-бара айыл өкмөттөрдү дагы караштырып көрөбүз. Акыркы 10-15 жылда элибиз бөлүнүп-жарылууга ыктап кетти. Биз ошону жок кылып, бир эл, бир жер, ынтымакты чыңдоо саясатын жүргүзөбүз.
Абдан жакшы, абдан кыйын жаштар бар экен. Бирок жаштарды алып келип коёюн десең, баары бир тажрыйба жетпейт экен. 3-5 жылдап аларды окутуп, үйрөтүш керек. Жаштардан министр кылып деле көрбөдүкпү, аким да кылдык, губернатор да кылып көрдүк.
Жакшы, билимдүү балдар бар, бирок тажрыйба жетпей калат экен. Ошондуктан айла жок, кээ бирин алмаштырууга, тажрыйбасы бар адистерди алып барууга туура келди.
- Тажрыйба боюнча... Азыркы өкмөттө артта калганы, алдыга жылганы барбы? Атай аласызбы?
- Андайлар бар. Мисалы, 3 айдан бери иштери алдыга жылбай жаткан министрликтер да бар. Ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар.
Мисалы, саламаттыкты сактоо министрин (Алымкадыр Бейшеналиев) депутаттар тепкилеп, “алабыз, бул иштебейт” деп жатышпайбы. Бирок, ал чынында эле жакшы иштеп жатат.
Өзү (министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу) доктор, профессор. Ошол тармакта өмүр бою эмгектенип жүргөн киши экен. Болгону эле тили сайрабайт экен, сөз байлыгы жок. Бирок менеджер.
3 айдын ичинде оптимизация кылды, реформа жасады. Медицина тармагында ичип-желип кеткен, уурдалган акчанын баарын таап, топтоп алып келди. Ошонун негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаттык. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы эмгек акыны 100% көтөрүп бердик. Бул 3,5 миң киши. 10 миң дарыгерге 50% көтөрүп бердик.
Мунун баары саламаттыкты сактоо министринин жетишкендиги, анын тыным албай иштеген эмгеги болду.
Жакында келип калат. Мобилдик клиника алып жатабыз. Бүт облустарды кыдырат. Абдан чоң клиника болот. Нарындан баштайлы деп жатабыз. Нарынга барып, облустун элин бекер дарылайт, бекер көрөт, хирургиялык операциялар акысыз жүрөт. Томографиясы да бар.
Ал жердеги медиктердин да эмгек акысы чечилди. Абдан жакшы эмгек акы алып иштешет. Эң негизгиси 5 жыл ичинде элибизди бекер дарылайбыз. Дарысы да, операциясы да, караганы да бекер болот. Араб туугандар жардам берип жатат.
- Сиздин ишенимди ким актаган жок?
- Аны айтпай эле коёюн. Кийин көрөбүз.
- Жакында эле Россиядан калкка коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн «Спутник V» дарысы алынып келди. Бирок биз күтүп жаткан 500 миң доза эмес, азырынча 20 миңи гана. Азырынча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги дары дагы качан жана канча көлөмдө алынып келе турганын так айта элек. Башка дарыларды алып келүү тууралуу макулдашуулар барбы?
- Жакында дагы алынып келет. Айтылган өлчөмдө эмес, бирок биз сатып алып жатабыз. Жардам бергендер аз-аздан жардам берип жатышат. Мисалы, Кытай Эл Республикасы 150 миң доза берди, бекер. Орусия 5 миңин бекер берсе, 15 миңин сатып алдык. Дагы сатып алабыз деп турабыз. Европанын «AstraZeneca» вакцинасын алабыз, жакында келет.
Ошондо Кытайдын, Европанын, анан Россиянын вакцинасы болот. Ким кайсыны кааласа, алышы керек. Азыр массалык түрдө аймактарга 75 мобилдик топторду жөнөттүк. Каалоочуларды эмдөөдөн өткөрүшөт.
Учурдан пайдаланып эл-журтка кайрылып кетейин. Эмдөөдөн өтүңүздөр, эч коркпоңуздар. Каалаган вакцинаны алыңыздар: Кытайдыкын кааласаңар Кытайдыкын алыңыздар, Россияныкын кааласаңар – Россияныкын, Европаныкын кааласаңар Европанын вакцинасын алыңыздар. Үч түрү тең бар.
- Кыргызстандагы инфраструктуралык чоң долбоор болгон Түндүк—Түштүк жолунун курулушу аягына чыгабы? Каржылоо маселесине байланыштуу кайсы иштерди аткаруу керек? Алдыда ушул сыяктуу эң ири долбоорлор планыбызда барбы?
- Планда бар. Түндүк—Түштүк жолун азыр бир сыйра текшерип чыгалы деп жатабыз. Канча акча келген, канча пайызга бүткөн, кайсы деңгээлде экенин текшерүүдөн өткөрүп, тактап алып анан айтпасак, азыр айтыш кыйын. Бирок аны сөзсүз түрдө аягына чыгарабыз. Анткени түндүк менен түштүктү байланыштырган эң кыска жол ушул Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолу болот. Азыр Бишкек—Ош жолу 10 саат убакытты алса, Түндүк—Түштүк жолу менен Балыкчыга чейин 4 саатта келебиз. Ошондуктан стратегиялык маанидеги жол. Аны аягына чыгарабыз. Быйыл болбосо кийинки жылы, кийинки жылы болбосо 3-4 жылдан кийин мүмкүнчүлүгүбүз болгондо аягына чыгарабыз.
- Буга чейинки президенттер электр энергияга болгон бааны жогорулатуу чечимине келе алган эмес. Жакында эле тарифти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, камсыз болгон үй-бүлөлөргө деп өзүнчө бөлүштүрүү сунушун айттыңыз. Сөз 1 кВт. саатка 1,04 сом жана 2,29 сом деген сандар тууралуу...
Бул айрымдар үчүн коррупцияга дагы бир ыктоо болуп калбайбы? Сиздин пикир боюнча элибиз буга даярбы?
- Коррупцияга ыктап кетпейт. Анткени 1-бөлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр — булар 110 миң үй-бүлө. Гуманитардык жардам келгенде дагы даректүү деп аларга беребиз. Алардын тизмеси бизде бар.
Анан тоолуу райондор менен алыскы райондор мыйзам менен бекитилген. Аны эч ким бурмалап кете албайт. Байларды алып барып, кедейлерге кошуп коё албайт. Ал эртеңки күнү чыгып калса, 100 эселеп кайра кайтарып алабыз. Ким кошкону — электрик, айыл өкмөт же министр кошкону эртеңки күнү чыгып калат да. Коррупцияга жол берилбейт деп ойлойбуз.
Электр энергия боюнча бюджетти толтуралы деген саясат жок. Электр энергия менен бюджетти толтура албайбыз. Бул система 30 жылдан бери батып калган кризистен өзү менен өзүн алып чыгалы деп жатабыз. Андан бюджетке эч нерсе албайбыз.
Мен деле 5 жыл болобу, мөөнөтүм бүткүчө тынч отура берейин деп кредит алып келе берем. Кымбат электр энергия сатып алабыз. 5 жыл өткөндөн кийин бүттү деп басып кетсе деле болот. Бирок андай кайдыгерликке абийирим жол бербей жатат.
30 жылдан бери сазга батып калган кризистен чыгаралы деп жатабыз. Эл колдоп берсе, биз ошого жетебиз. Эгерде азыр карабай койсок, эмдиги жылы же кийинки жылы Токтогул суу сактагычын жабышка туура келет. Суу да болбойт, электр энергия да болбойт.
Дагы ГЭСтер салына баштайт. Куланак ГЭСи салына баштайт, дагы кичи ГЭСтерден экөө салынып жатат. Бири бүтүп калды, жакында барып ачылышын кылам.
- Кумарканаларды ачууга уруксат берүүгө байланышкан мыйзам долбоорун колдодуңуз. Кумарканаларды өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек шаарында да ачуу тууралуу пикириңизди айттыңыз.
Бул объект кайсы жерде, кантип иштейт? Кумарканаларга Кыргызстандын жарандары кирбей турганын кайсы тарап кантип көзөмөлгө алат?
- Бул бизге бюджетти толтуруу үчүн керек. Арак саткандардан деле, чочконун этин саткандардан деле салык алып жатабыз. Итке минип калган экономиканы кандай жол менен болбосун толтуруп, элдин жашоосун жакшыртышыбыз керек.
Сөзсүз түрдө инвестор керек. Инвесторго да жаңы мыйзам иштеп жатабыз. Жаңы Конституция ишке киргенде Улуттук агенттик түзөбүз. Инвесторлорду толугу менен коргойт. Акчасын да, өзүн да, мыйзамдуулук, юридикадык жактан коргоп, баарын бир агенттик карайт.
Бүгүнкү мыйзамда инвесторлорду колдогон мыйзамдар жок экен. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк деген мыйзамыбыз бар экен. Бирок ал мыйзам менен иштегендерге кайра келишимди туура эмес түзгөнсүңөр деп иш козголуптур. Ушундай да өлкө, ушундай да мыйзам болобу?
Мыйзамдарды жазып, инвесторлорду чакырып алып, укук коргоо органдары кайра туура эмес иштеп жатасыңар деп иш козгойт. Муну баарын түздөп, кырдаалды жакшырталы десек эле, оппозиция дегендер бут тосуп киришет.
- Пандемия учурунда бюджеттен каражат уурдалганын комиссия ачыкка чыгарды. Эл кайсыл жерден кандай ката кетирилгенин, ал үчүн же жарандарыбыздын өлүмү үчүн ким кандай жоопкерчиликке тартыла турганын билүүнү каалайт.
- Бул боюнча дагы текшерүүлөр болот. 400 миллион долларга жакын каражат келген экен. Бирок каякка кеткен, эмнеге кеткен, чындап эле ошол тармакка жумшалганбы... Буга дагы жете элекпиз. Мунун ар бир тыйынына чейин текшертип, анан элдин алдына алып чыгып беребиз. Уурдап алгандар болсо, кайтарабыз.
Азыр көбү камалып жатат. Кайтарып берип коюп, чыгып жатат. 1000 доллар алса, 100 миң доллар берип, чыгып жаткандар бар да. Аларды түрмөдө кармап жатып, мамлекеттин акчасы менен багып эмне кыласыңар?
- Мурунку президент Алмазбек Атамбаев учурда камакта. Анын боштондукка чыгышы боюнча сиздин пикириңизди угалы.
- Аны сот чечет. Ага кызыккан да жокмун, убактым да жете элек. Менин билишимче, Кой-Таш окуясы боюнча жана Батукаев боюнча соту жүрүп жатат. Анын качан чыга турганын сураган да жокмун. Аны мен эмес, сот чечет.
- Бүгүнкү маекке убакыт бөлгөнүңүз үчүн терең ыраазычылык билдирип, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.