15:33, 11-апрель, 2021

Министр кетет же президент менен баары кетет, - депутат

На русском
18:44, 08-апрель, 2021 26079

Баракелде -  Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Айзаданын өлүмү боюнча ИИМдин маалыматы угулду. Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев ички иштер министринен качан отставкага кетерин сурады.

Бекешев: - Урматтуу депутаттар, биз азыр сүйлөп эле жатабыз да. Биз ушуну менен кетсек эч таасирин бербейт. ИИМ ушундай эле иштей берет. Ошондуктан азыр токтом чыгарбайлыбы? Улан Ниязбеков өзү айтып жатат, жоопкерчиликти сезип жатам дейт. Же биз жумуштан кетирели, же өзү арыз жазсын. Башка министрге дагы сабак болушу керек. Активисттерди издебей, уурулукту, ала качууну карайт. Сабак болбосо, албетте сөз менен кала берет. Улан Омоканович, арыз жазасызбы? Качан жазасыз?

Министр: - Биз териштирели, кимдин, каерде күнөөсү бар экенин. Ошого жараша чечим чыгарабыз.

Бекешев: - Жок, сиз өзүңүз айтпадыңызбы моралдык жоопкерчиликти сезип жатам деп.

Министр: - Сезебиз, ар бир Кыргызстандын жараны үчүн биз жоопкерчиликтүүбүз. Биздин кызматкерлердин жоопкерчилигин карап келели.

Бекешев: - Бүгүн элге чыкпай, биринчи жолу чакырганда депутаттарга келбей, менимче жоопкерчиликти аягына чейин сезбей жатасыз.

Министр: - Мен командировкада болуп, башка жумуштар менен алек болуп жаткам. Андан кийин келдим. Буга чейин дагы өкмөттө чогулушум бар болчу.

Бекешев: - Иш сапарда болосузбу, сиз күнү-түнү көзөмөл кылышыңыз керек.

Министр: - Көзөмөлдө, баарын карап жатабыз.

Бекешев: - Эми сиз кетпейм деп жатасыз. Азыр биз токтом чыгарбасак, бул коомчулукта жөн эле токтолбойт да. Президентке да кайрылам, ал ойлобосун, бүгүн сөз менен калып кетет деп. Андай болбойт. Же министр кетет, же президент менен бүт баары кетет, ушундай бара берсек... Ошондуктан токтом кабыл алып, чара көрүшүбүз керек.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком