16:54, 11-апрель, 2021

Борбор калаадагы митингден видеорепортаж

16:37, 08-апрель, 2021 302

Баракелде -  Бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында, андан кийин өкмөт үйүнүн алдында Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митинг өттү.

27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдалган. Жигиттер аны кызыл түстөгү «Хонда Цивик» унаасына салып кетишкен.

Эки күндөн кийин анын жана аны уурдап кеткен Замирбек Теңизбаевдин сөөгү ошол унаадан, Бишкектин түштүк тарабындагы Чоң-Таш жана Арашан айылдарынын ортосундагы талаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Замирбек кызды футболка менен муунтуп, андан соң өзүн-өзү өлтүргөн. Алардын сөөгүн эки күндөн кийин жергиликтүү койчу тапкан.

Кыздын өлүмү резонанс жаратып, социалдык тармактарда ​​Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында тынчтык митингин өткөрүүгө чакырган билдирүүлөр таратылган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком