15:03, 11-апрель, 2021

Кайгуулчулар жарандык никедеги аялынын кызын уурдаган шектүүнү кармашты

На русском
18:57, 08-апрель, 2021 514

Баракелде -  Бүгүн, 8-апрелде саат 13:36 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кыз уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам түрдө Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнөтүлдү, деп билдирди басма сөз кызматы.

Жоголгон кыздын апасы (1988-жылы туулган В.И.) билдирген маалымат боюнча, жарандык никедеги жолдошу 2018-жылы төрөлгөн кызын «БМВ X5» үлгүсүндөгү автоунаага салып, уурдап кеткенин айткан. Кайгуулчулар өздүк курамга багыттама берип, көп узабай 1982-жылы туулган Ш.Ф. кармалды. Ал Октябрь РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.

Кыз апасына берилди. Абалы жакшы.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком