Азия жана Океания чемпионатындагы Кыргызстандын алгачкы алтын байгеси
На русскомБаракелде - Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы чоңдор арасындагы Азия чемпионатында тарыхта биринчи жолу алтын байге утту. Азиянын жана Океаниянын 2021-жылдагы чемпионаты учурда Бишкек шаарында өтүп жатат.
7-апрелде 81 кг чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан кыргызстандык Владимир Золоев катары менен 3 жолу жеңишке жетишкен. Жыйынтыгында ал Азиянын жана Океаниянын 2021-жылдагы чемпиону болду.
Бул Кыргызстандын куржунуна Азия чемпионатындагы 18-медаль болуп калды (1 алтын, 3 күмүш жана 13 коло медаль).
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком