16:13, 11-апрель, 2021

Моңголияда бир суткада 554 адам коронавирус менен катталды

На русском
12:08, 08-апрель, 2021 91
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Акыркы суткада Моңголияда 554 адамдан коронавирус аныкталды, деп билдирет өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы.

Муну менен пандемия башталгандан бери Моңголияда расмий катталган бейтаптардын жалпы саны 12 780 кишиге жетти. Учурда медициналык мекемелерде дарыланып жаткан 2637 бейтаптын ичинен 74 киши оор, 14 адам өтө оор абалда.

Бир суткада 372 адам коронавирус илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Моңголияда жалпысынан 8140 адам коронавирустан айыкты.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком