16:34, 11-апрель, 2021

Депутат парламентте пикет өткөрдү

На русском
10:29, 08-апрель, 2021 401
// АКИpress

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин жыйынына кыз ала качууга, кыздарды уурдоого каршы пикирин билдирген плакат менен келди. Анын айтымында, ал маршка чыкпайт, бирок парламенттин жыйындар залында митинг өткөрөт.

Эл өкүлү мындай мыйзамсыздыктар үчүн жазаны катаалдаштыруу керек жана кылмышка тиешелүүлөрдү толук кандуу жазалоо керек, деп билдирди.

Депутат милициянын аракетсиздигине нааразычылыгын билдирип, прокуратурадан бардык пункттарды кылдаттык менен текшерип чыгууну өтүндү.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком