COVID: Бир суткада 222 бейтап катталды
На русскомБаракелде - Бүгүн, 8-апрелге караган суткада Кыргызстанда дагы 222 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID-19 диагнозу (коронавирус жана пневмония) аныкталды.
Алар:
- Бишкек шаарында 183 адам;
- Ош шаарында 4 адам;
- Чүй облусунда 24 адам;
- Нарын облусунда 2 адам;
- Ысык-Көл облусунда 4 адам;
- Жалал-Абад облусунда 4 адам;
- Баткен облусунда 1 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 89 660 адам COVID-19 диагнозу менен катталган.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком