Коронавирус боюнча Бишкек шаарындагы абал (4-марттагы график)
На русскомАКИpress - Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында 26 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды. Ооруканадан 27 адам чыгарылган. Каза болгондор катталган жок.
Шаарда COVID-19 диагнозу аныкталгандардын жалпы саны 29172 адамга жетти. Алардын ичинен 12853 адам пневмониядан жабыркагандар.
Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарынын аймагында коронавирус менен пневмониядан жалпы 27288 адам дарыланган.
Оорунун кесепетинен 747 киши каза болду.