АКИpress - Рейтинг менен моралдык укуктун ортосунда тандоо турганда тилекке каршы, көпчүлүк маалымат каражаттары биринчисин тандайт. Мындан улам журналисттер экстремисттик уюм менен жөнөкөй элдин ортосунда көпүрө болуп калууда. Мындай пикирин бүгүн, 16-февралда АКИпресс агенттигинде өткөн тегерек столдо «Азия Групп» коомдук фондунун директору Юлия Денисенко билдирди.
Иш-чарада маалымат мейкиндигиндеги радикалдык жана экстремисттик мүнөздөгү материалдардын коркунучтары жана аларды алдын алуу жолдору жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу маселеси талкууланды.
«Журналисттер маалыматты кандай жеткирсе, эл ошондой кабыл алат. Эгер, «жихад» сыяктуу терминдер терс мааниде айтылса, ал кийин туруктуу стереотиптерге алып келет. Куранда "жихад" термини Меккелик доордо эскерилген жана ал тынчтык жолу менен өткөн. Жихад — зордук-зомбулук эмес», - деди Денисенко.
Анын айтымында, террористтер үчүн бул термин күрөштү билдирет. Ал эми журналист бул терминге терс маани берип, өзү байкабай террорчулардын бутасына айланат жана экстремисттердин идеологиясын массага жеткирүүчү болуп калат.
«Биз эмне кылышыбыз керек? Биз компетенттүүлүккө басым жасашыбыз керек. Мисалы, араб сөздөрүн альтернативдик, башкача айтканда Кылмыш кодексиндеги «террорчу», «жалданма» ж.б.у.с. терминдер менен алмаштыруу зарыл. Эң негизгиси, диний агартуучулукка басым коюлушу керек», - деп билдирди Ю.Денисенко.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аялдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин Сайпиевдин айтымында, ислам — тынчтыктын дини жана ал зордук-зомбулукка каршы. Ал экстремизмге жана радикалдашууга каршы туруу боюнча КМДБнын ишине кененирээк токтолду.
Ошондой эле ал 2013-жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, 15 имам абактарга үзгүлтүксүз барып, соттолгондорго жардам берип келишкенин айтты.
«Бирок бул практика 2018-жылдан бери токтоп калган, бийлик ушул практиканы кайрадан улантууну колго алса», - деди Сайпиев.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Асан Саипов да ислам террордук дин эмес, тескерисинче тынчтыктын символу экенине токтолду. Ал Кыргызстанда «Ыйман» сабагын киргизүү боюнча президент менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтып: «Бул предмет боюнча программа иштелип чыккан, окуу куралын даярдоого да даярбыз», - деди.
Психология илиминин кандидаты, доцент, КМУнун психология кафедрасынын башчысы Надежда Мураталиева жаштар арасында радикалдык экстремизм жана терроризмдин идеологиялык жайылышына каршы туруунун психологиялык аспектилери жөнүндө айтып жатып, көпчүлүк учурда жаштар белгисиздик, жалгыздык, тынчсыздануу жана жакын туугандары тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, сүйүүнүн жетишсиздигинен экстремисттик уюмдарга кошулуп кетээрин белгилеп өттү.
Ал эми активист Муназбек Зарлыков диний коопсуздукту камсыз кылуу үчүн муфтият кандай кадамдарды жасашы керектигине токтолду. Анын айтымында, дүйнө өзгөрүп жатат, аны менен бирге адамдардын баалуулуктары да алмашты. Ошон үчүн муфтияттын кызматкерлери замандын агымына жараша иш алып баруусу зарыл деп эсептейт.