09:32, 16-январь, 2021
Учурда окулуп жатат
10:04, 15-январь, 2021 (82 адам окуп жатат)
Кашардагы өлүм. Жубайлардын акыркы окуялары
09:20, 16-январь, 2021 (17 адам окуп жатат)
Жумгалда кечээ аба ырайы +7 градуска чейин жылыды
09:15, 16-январь, 2021 (13 адам окуп жатат)
Кыргызстанда дагы 129 адамга коронавирус жукту

Кыздар жашаган батирге кирип барып, күч колдонуп … Бишкектеги каракчылык

На русском
17:12, 14-январь, 2021 3541
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматы резонанс жараткан каракчылык кылмышынын бетин ачты. Тактап айтканда турак жайларга кирип, карактоо, тоноо менен алектенген кылмыштуу топ куралсыздандырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«1-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек шаарында белгисиз адамдар жаш кыздар жашаган батирге кирип барып, күч колдонуп, коркутуп, акчаларын, баалуу буюмдарын талап кылып, эки уюлдук телефонду тартып алышкан. Каракчыларга тонолгон буюмдар аз көрүнүп, бири жабырлануучунун банк картасын алып, анын ПИН-кодун билген соң жакынкы банкоматтан акча чыгарып алууну көздөгөн. Ал эми экинчи каракчы кыздарды карап турган. Каракчылар банк картадагы бардык акчаларды алган соң кетип калышкан. Андан кийин жабырлануучулар кошуналарын жардамга чакырышкан», - деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучуларга 93 миң сомго жакын материалдык чыгым келтирилген. Бул факт КЖБРга катталган. Азыркы учурда Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

Бул кылмыштын бетин ачууга ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери тартылган. Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, 5-январда ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Бишкек ШИИББдин атайын отряды менен бирге автобекеттердин биринин аймагынан тоноо жана каракчылык менен алектенген топту кармашкан. Кармалган жарандар Нарын облусунун 1995-жылы туулган тургуну К. уулу Б. менен 1988-жылы туулган Ж.Ж. экени белгилүү болду.

Кармалгандар эки айга камакка алынды. Аталган кылмышка тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Кылмыштуу топтун башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком