23:55, 17-январь, 2021

Коронавирустан коргой турчу антителолор организмде 4-6 айга чейин сакталат

На русском
16:33, 14-январь, 2021 79

Баракелде -  Коронавирустук инфекциядан коргой турчу антителолор организмде 4-6 айга чейин сакталат. Бул тууралуу ДССУнун адиси Игорь Перегинец бүгүн, 14-январдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус мурда ооруган адамга кайра жуккан фактылар бар. Бул оорудан кийинки иммунитет узак мөөнөткө созулбайт деп божомолдойт.

ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюге берилген суроого жооп берип жатып, коронавируска байланыштуу кырдаалды 2021-жылы жөнгө салууга болорун белгиледи.

«Биз муну көрүп жатабыз. Бардык өлкөлөрдө вакцинация бирдей болгон деңгээлге жетүүгө аракет кылышыбыз керек. Туннелдин аягында жарык бар, бул жылы 2020-жылга салыштырмалуу жашоо башкача болот», - деди ал.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком