08:44, 16-январь, 2021

«Көрсөтмөсүнөн адашып баштады»: Министр зордукталды делген 15 жаштагы кыз жөнүндө

На русском
14:20, 14-январь, 2021 1103

Баракелде -  Токмокто 15 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүлүшү керек, деди бүгүн, 14-январда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова.

«Кыз мектепке барчу эмес. 8 балалуу үй-бүлөдө тарбияланган. Жеңеси кыз өгөй атасы тарабынан зордукталганын айтып жатат. Өгөй атасы кармалды. Бирок чындыгында эле кыз өгөй атасы тарабынан зордукталганы далилдениши керек. Анткени бул жерде мүлк талашы да болуп жатат.

Туугандары кыздын жигити бар болгонун жана алар жакын мамиледе экенин аныкташкан. Бул жерде соттук териштирүү керек. Кыз учурда апасы менен жашап жатат. Алардын мамилеси да жакшы. Биз кызды текшерттик, бирок ал берген көрсөтмөсүнөн адашып баштады. Дарылануудан кийин психолог менен сүйлөштү. Психолог кызды апасы менен жашашы керек деп айтты. Анткени апасы анын жакын адамы. Өгөй атасы күнөөлүү экени сотто далилдениши керек. Өгөй атасы кармалды. Эми ал да өзүнүн актыгын далилдеши керек», - деди Солтонбекова.

Анын айтымында, кыздын апасы туугандары арасындагы тирешүү, мүлк талашуу жөнүндө айткан эмес.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком