08:30, 16-январь, 2021

COVID-19: Швейцариядагы чектөөлөр февралдын аягына чейин узартылды

На русском
12:41, 14-январь, 2021 86

Баракелде -  Швейцария бийлиги коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү февралдын аягына чейин узартты. Бул тууралуу «Euronews» телеканалы билдирди.

Ресторан, музей, китепканалар, спорт борборлору жабык бойдон калса, дүйшөмбү күндөн тарта дүкөндөр, базарлар жабылат. Эми 5 адамдан ашык чогулууга болбойт.

Ишканалардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтөт. Эгер бир имаратта бир нече адам иштесе, ар бири бет кап тагынып отурушу керек болот.

Акыркы бир суткада Швейцарияда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң кишиге көбөйдү. Бийлик чектөө киргизүү жолу менен үчүнчү толкунду алдын алууну ойлоп жатат.

«Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Саламаттыкты сактоо тутуму да күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда», - деп айтылат маалыматта.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком