09:27, 16-январь, 2021

Мыктыбек Арстанбек «Нур» партиясы түзүлгөнүн жарыялады

На русском
12:41, 14-январь, 2021 255
Мыктыбек Арстанбек
Мыктыбек Арстанбек

Баракелде -  Президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, шайлоодо 1,69% добушка ээ болгон Мыктыбек Арстанбек бүгүн, 14-январда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында «Нур» партиясы түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, аталган партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн жана аны 10 адам негиздеген.

«Жакынкы күндөрү уюштуруу комитетинин жыйыны өтөт. Элдин салтын, мүнөзүн, талабын эске алган болжолдуу программабыз бар. Сөзсүз түрдө диний баалуулуктарды колдонобуз», - деди Мыктыбек Арстанбек.

Ал партиянын демөөрчүлөрү болбой турганын айтты.

«Партияга мүчөлүк акыны төлөй алган адамдар кабыл алынат. Партия өзүн өзү багышы керек, каржылык көз карандысыздык болушу керек», - деди Мыктыбек Арстанбек.

Юстиция министрлигиндеги маалымат боюнча «Нур» партиясынын негиздөөчүлөрү төмөнкү адамдар:

- Шамшидин уулу Абдулхамид;

- Асылбекова Гүлмайрам Асылбековна;

- Мадимаров Ысхак Тавалдыбекович;

- Аскарали уулу Акжолтой;

- Жоошбаев Курманбек Абдиназарович;

- Алмазбеков Улукбек Алмазбекович;

- Бакытбек уулу Жапаралы;

- Медербек кызы Мээркан;

- Тынарбек кызы Айдана;

- Орозова Ханзада Акматалиевна.

Партия 2020-жылы 24-февралда каттоодон өткөн.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком