09:31, 16-январь, 2021
Учурда окулуп жатат
10:04, 15-январь, 2021 (83 адам окуп жатат)
Кашардагы өлүм. Жубайлардын акыркы окуялары
09:20, 16-январь, 2021 (16 адам окуп жатат)
Жумгалда кечээ аба ырайы +7 градуска чейин жылыды
09:15, 16-январь, 2021 (14 адам окуп жатат)
Кыргызстанда дагы 129 адамга коронавирус жукту

Айрым жарандар жашаган жеринде катталбагандыктан социалдык жардам алууда кыйналып жатышат, - вице-премьер

12:48, 14-январь, 2021 111

Баракелде -  Республикалык ыкчам штабдын жыйынында пандемия учурунда калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева калктын аяр катмарына жөлөк пул берүү жана башка социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылууларына байланыштуу жергиликтүү бийлик огандарынын жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

«Жарандардан жер-жерлердеги социалдык көмөк алуунун кыйынчылыктары, анын ичинде жашаган жеринде каттоосунун жоктугу боюнча кыйынчылыктар жаралып жатканы тууралуу нааразычылыктар келип түшүүдө. Калктын аяр катмарына тейлөө көрсөтүүнүн тийиштүү деңгээлин камсыздоо зарыл. Бир дагы кайрылуу социалдык кызматтардын көңүлүнөн тыш калбашы зарыл. Мен аярлуу категориядагы жарандарга өзгөчө көңүл бурулушун жана алардын маселесин чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүлүшүн өтүнөм», - деди ал.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком