08:22, 16-январь, 2021

Сурабалдиева: Ар бир медициналык мекемеде шарттар болушу керек

На русском
11:40, 14-январь, 2021 170

Баракелде -  Айрым медициналык мекемелердин короосунда жарыктандыруу жок, жолдору тайгак, имараттары суук, ысык суусу каралган эмес, жабдуулар эскирген, деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

«Ушундай шарттарда бейтаптар жана балдар дарыланууга туура келүүдө. Мониторинг жүргүзүп, бардык ооруканалардын жана поликлиникалардын тийиштүү шарттары каралганын текшерүүгө алыңыздар. Ар бир медициналык мекемеде элементардык гигиеналык процедураларды жүргүзүү шарттар болушу керек. Ооруканага алып баруучу жолдор тазаланып турушу кажет. Мындан тышкары, дарылоо мекемелерин электр энергиялык генераторлор менен камсыздап, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына кандай деңгээлде жооп бергени текшерилиши керек», - деди.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком