09:27, 16-январь, 2021

Бүркүтпү же шумкарбы?: Кыргыз Республикасынын герби. Тарыхый сүрөттөр

10:41, 14-январь, 2021 458

Баракелде -  27 жыл мурда, тактап айтканда 1994-жылы 14-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгиси — гербди кабыл алышкан. Гербдин авторлорунун бири – отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев болгон. Ал мамлекеттик белгинин түзүлүшү жана кабыл алынышы тууралуу айтып берди.

Маекти ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

- Көптөгөн жарандардын оюна “милиционер кантип көркөм чыгарма тартышы мүмкүн?” деген ой келет. Албетте, мен чыныгы дасыккан сүрөтчү эмесмин, гербдин сүрөтчүсү Нарын балдар сүрөт мектебинин директору Асейин Абдраев болгон. Мен өзүмдүн эмгегим катары мамлекеттик белгини түзүүнү демилгелегенимди эсептейм, сүрөтчүнү чыгармачылыкка үгүттөп, ал түзгөн эскиздик долбоорду оңдоп жана өзгөртүүлөрдү киргизип, сүрөтчүгө идеялар менен дем берип, өз убагында парламенттин депутаттарына жана сынак комиссиясына барып, алардын ой-пикирин угуп, алардын идеяларын сүрөтчүгө жеткирип жүргөм. Биздин бирдиктүү ишибиздин натыйжасында гана биз күткөн жыйынтыктарга жеттик деп ойлойм.

Нарын шаарынын балдар сүрөт мектебинин сүрөтчүсү, ыраматылык А.Абдраев менен 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин белгисин түзүү учурунда таанышкам. Ошол учурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-майору М.Молдашев буйрук чыгарып, түзүмдүн белгисин иштеп чыгуу үчүн активдүү катышуу боюнча облустук жана райондук ички иштер органдарынын башчыларына тапшырма берген. Мен Нарын ОИИБдин өздүк курамына ИИМдин эмблемасын түзүү боюнча сынакка катышууга сүрөтчүнү табуу тууралуу тапшырма бергем. Ошондо ОИИБдин эксперттик-криминалисттик бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги М.Жанузаков А.Абдраев аттуу сүрөтчүнү алып келген. Биз тараптан түзүлгөн ИИМдин белгисинин эскизи сынакта экинчи орунду ээлеп, ИИМдин буйругу менен сүрөтчү акчалай сыйлык менен сыйланган.

Мамлекеттик белгини түзүү сынагын жарыялоо учурунда мен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн округунун атынан легендарлуу парламенттин депутаты болчумун. Ошондуктан мен тарыхый ишке нарындыктар дагы активдүү катышуусу керек деп эсептегем. Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, гербди түзүү сынагына катышуусун сунуштасам, ал күмөн ойлорун айтып, “республикада белгилүү сүрөтчүлөр бар болсо, биз алар менен күч сынаша алмак белек” деп жооп берип койгон. Мен өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макул кылгам.

Гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен. Герб боюнча комиссияга легендарлуу парламенттин 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон. Туубуз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта, ал эми Гербди талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Республикадан жалпысынан 2234 эскиз келген. Тандоо Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде өтүп, бардык эскиздер сыноо үчүн илинген. Карапайым адамдар өздөрүнүн жазуу түрүндөгү сунуштарын калтырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Белгилеп кетүү керек, “Нур-19” аталышы менен биздин эскиз бир нече турдан өтүп, көптөгөн жакшы сунуштарды алган. Ошондуктан комиссия 5 эскиздин ичинен биздин эскизди тандап алган. Биз тараптан иштелип чыккан эскиздер “Нур” аталышындагы девиз менен белгиленген, анткени ошол учурда Нарын облусунун автоунаа каражаттарынын номурлары “Нур” жазуусу менен болгондуктан, биз өзүбүздүн долбоорду ушундай атоону чечкенбиз.

Биз тараптан жалпысынан гербдин 53 эскизи түзүлгөн. Башында мага гербди түзүү боюнча кандай гана ойлор келген жок, сүрөтчү дагы канчасын тартты. Биз А.Абдраев менен геральдика боюнча бардык китептерди окудук, башка өлкөлөрдүн символдорун изилдедик. Бардык талкууланган ойлорду сүрөтчү кагазга түшүргөн. Башында негизги көркөм компонент катары бүркүт болчу, колунда найза кармаган бүркүт, боз үйдүн түндүгүн же көөкөр (кымыз үчүн териден жасалган буюм) кармаган бүркүт. Булардын баары биз тараптан кайра жокко чыгарылып, Ат-Башы жана Кочкор районунун аксакалдары эскиздик долбоорду көрүп, түндүк гербдин астыңкы бөлүгүндө болбошу керектигин, аны үстүнө жайгаштыруу керектигин билдиришип, эл арасында “түндүгүң түшкүр” деген уруш сөз бар экенин, ал эми бүркүт менен найза биздин композицияга агрессияны берерин айтышкан. Тынчтыкты сүйгөн бүркүттү тартууга аракет кылуу менен биз ак шумкарды тартууну чечкенбиз. Өзүбүз ойлонбостон эле Манас атанын ак шумкарын тартканыбызды кийин түшүнгөнбүз. Шумкардын артында Ала-Тоо тартылган, көлдүн жээгинде өскөнүмө байланыштуу сүрөткө Ысык-Көлдү тартуу керектигин айткам. Сүрөтчү эскизде ар убак “Кыргызстан” деген жазууну тарта бергендиктен 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Асейин аны “Кыргыз Республикасы” деген жазууга өзгөртүүгө макул болгон. 1992-жылы бир нече олуттуу эскиздердин долбоорлору иштелип чыгып, легендарлуу парламенттин депутаттарына сыноого алып барган учурда, сүрөттө Манастын шумкарын көрүп, таң калышкан. Алар бир гана тоолордун үстүндөгү мусулмандардын белгилерин жактырган эмес жана кыргыз гербинде биздин жерди жылыта турган, тоодон чыгып келе жаткан алтын желелүү күндү көргүлөрү келип, тартылган тоолор менен көл сынга кабылып, тоолор жасалма болгондой көрүнүп калганын жана айсбергге окшоштугун, ал эми көлдүн түсү биздин көлгө окшошпой калганын билдиришкен.

Депутаттардын ой-пикиринен кийин бир эскиздин долбооруна токтолуп, ошол боюнча иштемей болгонбуз. Биз иштелип чыккан эскиздерди көп кишиге көрсөтүп, алардын сын-пикирлерин угуп, идеяларын топтоого аракет кылганбыз. Эскиздерди А.Абдраев жетектеген сүрөт мектебинин жамаатына, мен башкарган ОИИБдин кызматкерлеринин сынына койгонбуз. Мен эскиздерди ИИМдин коллегиясына дагы талкууга коюп, ошол учурдагы генералдар өз сунуштарын беришкен. Эскиздерди легендарлуу парламенттин депутаттары дагы бир нече жолу талкуулашкан. Гербдин эскизи боюнча Нарын облусунун калкынын ой-пикирин изилдөөгө КТРКнын Нарындагы телестудиясынын кабарчысы, белгилүү журналист Бөлөкбай Шеримбековдун жардамы тийген.

Күндөрдүн биринде комиссия финалга чыккан гербдин 5 эскизин Ак үйдүн залына коюп, депутаттар Айкөкүл Мырзаканова, Азим Карашев, Эркинбай Кочкоров жана башкалардан сын-пикирлерди уккам. Алардын пикири боюнча, эскизде республиканын түштүгүнүн колорити көрсөтүлгөн эмес. Бул боюнча сүрөтчү экөөбүз ойлонуп, депутаттар белгилегендей, Кыргыз ССРнын гербинде пахта менен буудай тартылганын эске алуу менен республиканын түштүк аймагын көрсөтүү үчүн пахта тартууну чечкенбиз. Кемчиликтерди оңдогондон кийин “Нур-19” варианты комиссия тарабынан бекитилип, парламенттин 350 депутатынын ичинен 284 депутаттын добушу менен сынактан жеңип чыккан.

Гербдин авторлору Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев экөөбүз гана эмеспиз. Гербдин авторлору деп Кыргызстандын бүт элин атасак болот. Ыраматылык сүрөтчү Асейин Абдраев менен мени көп жылдык достук байланыштырып, менин урматыма 1994-жылы төрөлгөн баласына Нурген ысымын берген. Ал “Нур” сөзүнө Жогорку Кеңештин сунушу жана президент тарабынан ыйгарылган жогорку генералдык наамдан “ген” деген сөздү кошкон.

Герб 4 негизги элементтен турат: Ала-Тоо, Ысык-Көл, ак шумкар жана буудай менен пахта. Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына Кыргыз Республикасынын гербинде кандай сүрөттөр тартылган деген суроо берилип, тилекке каршы алардын ичинен көбү адашып, Манас атанын ак шумкарын бүркүт деп алмаштырып алышкан. Көп адамдар “биздин бүркүт арык деп айтышат”, бирок гербде бүркүт эмес, шумкар тартылганын унутуп калышкан.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком