18-январга чейин Кыргызстандын аймактарында күтүлгөн аба ырайы
На русскомБаракелде - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында 14-январдан 18-январга чейин күтүлгөн аба ырайынын болжолун билдирди.
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
14-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондорду туман капташы мүмкүн.
15-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоң, тайгак болот.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
14-январда күндүз жана 15-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
14-январда күндүз Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
15-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоң жана тайгак болот.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
15-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоң. тайгак болот.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
14-январда күндүз жана 15-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
14-январда күндүз айрым райондордо кар жаашы күтүлөт.
15-18-январда жаан-чачын болбойт.
Жолдор тоң жана тайгак болот.
19-20-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу
19-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
20-январда айрым райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.