08:58, 16-январь, 2021

«Көпчүлүк коалиция талапкер көрсөтөт»: Иса Өмүркулов премьер-министрлик кызмат тууралуу

На русском
15:01, 13-январь, 2021 10489
Иса Омуркулов
Иса Омуркулов

Баракелде -  Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция консультацияларды жүргүзгөндөн кийин премьер-министрликке талапкер сунуштайт. Бул тууралуу парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

«Бүгүн биз учурдагы Конституция менен жашашыбыз керек. Бул Конституция — мамлекеттеги бардык процедуралар жүргүзүлгөн биздин негизги мыйзам», - деди ал.

Анын айтымында, жаңы шайланган президент инаугурациядан кийин расмий түрдө өлкө башчысы деп таанылат.

«Бийликтин бардык институттары иштеши керек. Өкмөт дагы иштеши керек жана башчысы жок калбашы керек. Бул тирүү организм, бүгүн өкмөт экономиканы, социалдык тармакты көзөмөлдөп жатат. Токтоосуз иш алып барышы керек. Бүгүнкү өкмөттө жоопкерчилик чоң. Биз бүгүн жаңы премьер-министрди шайлап, ал иштеши керек. Мен өкмөттүн узак жана стабилдүү иштешин каалайм. Бир канча убакыттан кийин жыйынтык бере турган пландар бар да», - деди Өмүркулов.

Ал Артем Новиковго өкмөт башчы катары иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек экенин айтты.

«Артем Новиков боюнча, ал мага дагы жакшы таасир калтырып жатат жана мен анын өз алдынча кадам жасап жатканын көрүп жатам», - деди Өмүркулов.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком