08:02, 16-январь, 2021

Депутаттын пара менен кармалган бир тууганы бюджетке 100 миң доллар төлөдү

На русском
14:31, 13-январь, 2021 591

Баракелде -  Пара алып жатканда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери М.Келдибаев өлкөнүн бюджетине 100 миң доллар төлөп берди. Бул маалыматты күч түзүмдөрүндөгү булактарына шилтеме берүү менен Tazabek басылмасы бүгүн, 13-январда билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, Келдибаев бул сумманы январь айынын башында төлөгөн. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя тууралуу:

УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 1000 доллар пара алып жаткан мамлекеттик кызматкерди кармаган. Шектүү — Түштүк-батыш бажысындагы башкы инспектор К.М.А. (1972-жылы төрөлгөн).

Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, К.М.А. жеке ишкерден акча талап кылган. Ал үчүн жүк ташыган автотранспортту Кыргызстандын аймагы менен транзит кылып өткөрүүгө уруксат бермек.

К.М.А. Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком