08:16, 16-январь, 2021

Үй жаныбарынын ордуна күйөөсүн сейилдеткен канадалык түгөйлөргө айып пул салынды

На русском
08:01, 14-январь, 2021 737

Баракелде -  Канадалык аял күйөөсүн жип менен байлап, көчөгө сейилдетүүгө чыккан. Түгөйлөргө коронавирустун кесепетинен киргизилген коменданттык саат режиминин эрежелерин бузганы үчүн айып пул салынганын «Би-Би-Си» билдирди.

Аял полицияга Шербрук провинциясынын Квебек шаарындагы үйүнүн сыртында күйөөсүн эмес, итин сейилдетип жүргөнүн айткан.

Ишемби күнү провинцияга саат 20:00 - 05:00 аралыгына чейин коменданттык саат режими киргизилген.

Үйдүн жанында үй жаныбары менен сейилдөөгө эч ким тыюу салган эмес. Бирок жубайлар көчөдө ишемби күнү кечки саат тогуздар чамасында жүргөн. Бул жаңы киргизилген эрежелерге туура келбейт.

Маалыматка ылайык, алар полиция кызматкерлерине үй жаныбарлар үчүн киргизилген эрежелерди сактап жатканын билдиришкен. Натыйжада алардын ар бирине 1212 доллар айып пул салынган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком