Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушканын айтты
На русскомАКИpress - «Республика» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов 2 күн мурун Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушкан. Бул тууралуу Ө.Бабанов бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарында «Республика», «Ата Мекен», «Бир бол» жана «Реформа» партиялары билдирүү тараткан жыйында билдирди.
«Келгиле, парламентти чогулталы. Сиз — Садыр Нургожоевич сүйлөңүз. Эгерде кааласам мен сүйлөйүн. Кааласа, Тилек Токтогазиев сүйлөсүн. Анан парламент 2 айлык өкмөттү дайындасын дедим», - деди Ө.Бабанов.
Бирок Садыр Жапаровдон жооп болбогонун кошумчалады.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком