13:23, 14-май, 2021

Видео — COVID пневмониясынан кийинки көнүгүүлөр

19:10, 13-май, 2021 11344

АКИpress -  Пневмонияга кабылган, ошондой эле өнөкөт өпкө оорусу бар жарандар үчүн пайдалуу көнүгүүлөрдү жасап туруу зарыл. Анын жол-жобосу тууралуу физикалык реабилитация дарыгери Жаңылмырза Бакиридин кызы айтып берет.

Дарыгердин айтымында, анын натыйжасы жарандарга мурунку калыбына келүүгө жана активдүүлүктү жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Адатта бул оорудан дарыланган адамга эң аз дегенде 2 айга чейин, ал эми оор түрү менен жабыркаса 6 айдай убакыт ушул көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.

Оорудан жабыркаган организмди калыбына келтирүү үчүн:

  • Жумасына эң аз дегенде 150 мүнөт активдүүлүк;
  • күнүнө 20-25 мүнөт же 5 күн бою 30 мүнөттөн;
  • жөө басуу, сууда сүзүү;
  • жумасына 3 жолу булчуңдарды чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоо;
  • жумасына 2 жолу баланс үчүн көнүгүүлөр (60 жаштан жогоркулар, баланс жоктугунан жыгылуучулар үчүн);
  • боулинг, тай чи жана бий жакшы жардам берет;
  • сыналгы, компьютер жана диванда аз отуруу керек.

Дарыгер бул көнүгүүлөрдү аткарууда коопсуздукка көңүл бөлүү максатында алгач денени жылытып, аягында муздатуу зарыл экенин кошумчалады.

1-видеосабак:

2-видеосабакта ар түрдүү дем алуу техникалары, дем алуу көнүгүүлөрү, дем кысылган учурдагы аракет тууралуу айтылат. Дарыгер белгилегендей, дем алууну жакшыртуу үчүн бир катар ыкмалар бар.

Дем алуу көнүгүүлөрүн жасап жаткан бейтаптардын биринин (эркек киши) өпкөсүнүн 70-80 пайызы жабыркаган. Ал жөн отурган учурда эле дем алуусу жакшы эмес.

Ал эми өпкөсүнүн 75 пайызы жабыркаган бейтаптын дем алуусу (эркек киши) жакшы. Бирок активдүү кыймыл болсо эле демигип баштайт.

Өпкөсүнүн 15 пайызы жабыркаган бейтап (аял киши) үй жыйнаган учурда деми кысылганын байкайт.

Бул бейтаптардын баары дем алуу техникаларын жасап жатышат.

2-видеосабак:

Ал эми 3-видеосабакта күч көнүгүүлөрүн аткарыңыз. Дарыгердин маалыматы боюнча, күч көнүгүүлөр адамдын дем алуусун жакшыртуу, физикалык алсыздыктан арылтууга жардам берет.

3-видеосабак:

Пневмония оорусунун кесепеттерин толук жоготуу үчүн дарылануудан кийин дагы көнүгүүлөрдү жасоо талап кылынат. Бул жолу физикалык реабилитация дарыгери Жаңылмырза Бакиридин кызы кардио көнүгүү жасоо ыкмаларын көрсөтүп берет.

Бул көнүгүүнү жумасына эң аз дегенде 150 мүнөт, ал эми күн сайын 20-25 мүнөттөн же 5 күн 30 мүнөттөн аткаруу сунушталат. Ал бир орундан жыла албаган, ошондой эле активдүү сейилдеген жарандарга да ыңгайлаштырылган.

Кайсы учурда көнүгүүнү токтотуу керек?

- эгерде көкүрөк туш ооруса же ыңгайсыз абал пайда болсо;

- башыңыз айланып, кускуңуз келсе;

- дем кыстыгуу күчөсө жана адам өзүн начар сезип баштаса.

4-видеосабак:

Адам баласынын организми үчүн пневмония оорусунан дарылангандан кийин жасалуучу көнүгүүлөрдү туура аяктоо жана денени туура муздатуу ыкмалары да маанилүү. Булар дем алууну жайлатуу, жүрөктүн согушун жайбаракат кылуу, булчуңдардын чарчашын жана ооруну азайтуу үчүн зарыл.

Деги эле оорудан кийин калыбына келүү узак процесс болуп эсептелет. Ал ар бир адамда ар кандай болушу толук ыктымал.

5-видеосабак:

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком