19:07, 29-март, 2024

Коронавируска шектелген бейтапты үйдө дарылоо алгоритми

На русском
09:24, 9-июль, 2020 4458

АКИpress -  Республикалык ыкчам штаб коронавируска же башка курч респиратордук инфекциялык ооруга шектелген бейтаптарды амбулатордук шартта дарылоо алгоритмин жарыялады.

Үй-бүлөлүк дарыгер (мобилдик топ, телефон же WhatsApp аркылуу видео чалуу) клиникалык баа берүүдө чыйрыгуунун (калтыратма), респиратордук жана башка симптомдордун болушуна таянат.

Дарыгердин кароосу:

- пульсоксиметрия – сатурацияны аныктоо (SaO2) > 93%;

- дем алуунун ылдамдыгы < 1 мүнөттө 30 жолу;

- артериалык басым > 90/60 мм. рт. ст.;

- жүрөктүн бат-баттан согушу < 1 мүнөттө 100 жолу.

Дарыгер тарабынан үйдөн дарылануу курсу жазылып берилет:

- суюктукту көп ичүү;

- дене табын түшүрүүчү дарылар («Парацетамол» же «Ибупрофен»);

- антикоагулянттык терапия (колдонууга каршы көрсөтмө жок учурда);

- антиагреганттик терапия: «Аспирин» кечки тамактан кийин бир күндө бир жолу 75 мг дозасында.

Күнүгө дистанттык түрдө кеңеш алып туруу керек.

Факторлор (үйдө дарыланууда):

- 60 жашка чейинкилер;

- кошумча оорулары жоктор:

  • кант диабети;
  • жүрөк-кан тамыр оорулары;
  • ашыкча салмак;
  • онкологиялык оорулар;
  • өнөкөт өпкө оорулары;
  • бронхалык астма;
  • бөйрөктүн өнөкөт оорусу;
  • боордун циррозу;
  • гепатит;
  • органдарга трансплантация болуп, иммуносуперссивдик терапия алып жаткандар.

Интоксикациянын белгилери (алсыздык, чарчоо, көңүл айлануу) байкалган учурда физраствор 0,9%-200 мл + витамин С 5%-5 мл– бир жолу тамчылатып же 200-400 мл «Рингер» эритмесин колдонуу керек.

5-7 күн аралыгында дене табынын көтөрүлүшү сакталса төмөнкү антибиотиктер берилет:

- «Амоксициллин» 500 мг 7-10 күн ичинде ар бир 8 саат сайын;

- же «Азитромицин» биринчи күнү 500 мг, андан кийин 250 мг 5-7 күндүн ичинде бир жолудан;

- же «Цефуроксим» 500 мг 7-10 күндүн ичинде 12 саатта бир жолу.

Стационарга жаткырууга көрсөтмөлөр:

- SaO2 < 93%, ЧСС > 100, ЧД > 30;

- кошумча оорулар жок учурда SaO2 < 95%;

- антибактериалдык терапиянын фонунда 7 күн бою чыйрыгуу (калтыратма) сакталса, интоксикациянын симптому бар учурда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком