21:04, 6-май, 2021

А.Токомбаевге фронттон жазылган кат: «Кош! Балдарымдын бетинен сүйүп кой деп агаң Рыскул»

08:28, 4-май, 2021 1562
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКИpress -  Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 76 жыл толот. Мамлекеттик каттоо кызматы Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине карата pobeda.srs.kg интернет долбоорун ишке ашырган. Анда согуш талаасындагы апаттуу күндөрдө жакындарына, досторуна, Ата Журтуна эр-жигиттер тарабынан жазылган каттар топтолгон.

Төмөндө Рыскул Турусбеков Аалы Токомбаевге жолдогон кат (өзгөртүүсүз жарыяланат):

  • Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет

Кымбаттуу иним Алиге, келиним Зайнатка, балдарым Жолдош, Тараз, Тамара жана башка ага-туугандарга алыс жерде алдыңкы катарда фронтовек болуп жүрүүчү мен Рыскулдан деп билерсиздер. Сиздердин аманчылыктарыңарды кече жакында катыңарды алып, билип чоң кубандым. Унутпасаңар ошентип кат жазып тургула.

Менин кыскача айтканда саламатчылыгым начар, эфазыма лехки, хранических бронхит, свежия малерия деген справка берген. Не к сторовай деп жазып, шондон бери Артелерияда иштеймин. Уруш жөнү болсо күн санап жылыштабыз, бирок өтө чыгым көп, өлгөнгө карабай алга беттеп, эрдик менен барабыз. Бирок канчалык жолдоштордон коштоштук. Уруштун түрү ушундай болсо Кудай билет, сиздер менен менин көрүшүшүмдү. Бирок ойлобоймун, силерди көрөм деп. Убактылуу кыйналыштабыз. Кудай билет, качан тынчырды. Ойлоном, уруш башындагы өлгөндөр абдан жакшы өлгөн, эч кыйынчылыкты көргөнү жок.

2 айдабы, 1 айдабы бүтөрбүз деп жанды таштай салып согушабыз. Бирок тирүү калганыбыз аз болуп калат. Ошончолук азапты тартып келип, акырында ага-туугандарды, балдарды көрбөй өлсөк арман ичте калат го. Бирок, эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет деп айткан лакапты башынан өткөргөн эрлер айтса керек. Азыр биз так ошолбуз. Чихды куткарып жатабыз. Руменди, Венкирди, Братславияны да куткарганбыз. Сөз менде жок, өзүңөрдөн болсун. Кош, кош, балдарымдын бетинен сүйүп кой деп агаң Рыскул.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер