21:57, 6-май, 2021

Темиркул Үмөталиев Аалы Токомбаевге фронттон жазган кат

09:12, 3-май, 2021 7955

АКИpress -  Саналуу күндөн кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 76 жыл толот. Мамлекеттик каттоо кызматы Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине карата pobeda.srs.kg интернет долбоорун ишке ашырган. Анда согуш талаасындагы апаттуу күндөрдө жакындарына, досторуна, Ата Журтуна эр-жигиттер тарабынан жазылган каттар топтолгон.

Төмөндө Темиркул Үмөталиев Аалы Токомбаевге жолдогон кат (өзгөртүүсүз жарыяланат):

  • Ыйлай берип көзүмдүн жашы түгөндү

Кагылайын Аалыке! Жоомартты (Жоомарт Бөкөнбаев) укканыма 5 күн болду. Көзүм караят, жүрөгүм ысыйт. Ыйлай берип көзүмдүн жашы түгөндү. Кызыл армиянын даңктуу жеңиштеринин күнү. Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Эл кубанып жүрөт. Мен болсо нес кишиче кубанууну да, ыйлоону да билбей басып жүрөм.

Акыркы чоң жеңишти баарыбыз чогуу көрсөк жакшы болот эле. Ойлогондой болбойт экен да. Колдон келер эч арга жок. Жоомарттын эмнеден каза тапканын эч ким жазбайт, Аалыке. Эмне болду? Саламат болуңуз. Темиркул.

Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австралияны фашисттерден бошотуу үчүн салгылашкан. Согуштан кайтып келгенден кийин басма сөз кызматтарында башкы редактор болуп, ошондой эле бир катар кызматтарда эмгектенген.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер